Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Баардык финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга

06-12-2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары – ФЧМК) 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы (мындан ары – Мыйзам) күчүнө киргендигин билдирет.

Мыйзамдын айрым жоболорун аткаруу максатында ФЧМКнын 2018-жылдын 6-декабрындагы № 133/ө буйругу менен төмөнкү типтүү формалар бекитилди:

1) Мыйзамдын 21-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык билдирүүнү берүү үчүн типтүү форма (Форма № 2);

2) банк эсептерин жана банк ячейкаларынын реестрин түзүү боюнча типтүү форма (Форма № 3).

Баардык финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жогоруда аталган типтүү формаларды (Excel форматында) ФЧМКга маалыматтарды электрондук түрдө берүүдө колдонушсун.

Типтүү формалар (Excel форматында) ФЧМКнын расмий сайтынын (www.fiu.gov.kg) «Финансылык мекемелерге жана АФЭИК» бөлүмүнүн«Документтердин формалары жана бланктары» бөлүмчөсүндө жайгаштырылды.

ФЧМКнын буйругу «Типтүү формаларды бекитүү жөнүндө» ФЧМКнын расмий сайтынын (www.fiu.gov.kg) «Мыйзамдар» бөлүмүнүн «ФЧМКнын буйруктары» бөлүмчөсүндө жайгаштырылды.