Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ПРЕСС-РЕЛИЗ Мадагаскар Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча

10-10-2025

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Мадагаскар Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча

Красноярск 2025-жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейин Россия Федерациясынын Красноярск шаарында өткөн Финансылык коопсуздук боюнча V Эл аралык олимпиадасынын алкагында ФЧМК жана ФЧКМ Окуу борборунун өкүлдөрү Мадагаскар Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн башкы директору Мамитиана Ражаонарисон мырза менен жолугушуу өткөрүштү.

Эки тараптуу жолугушуунун күн тартибинде эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу, айрыкча билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү маселеси каралды.

Мадагаскардын Финансылык чалгындоо бөлүмү кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча улуттук система үчүн кадрларды даярдоо системасын куруу тажрыйбасы менен алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

ФЧМК Окуу борбору кесиптештерди Кыргыз Республикасында учурда иштеп жаткан кадрларды даярдоо системасы менен тааныштырды. Мадагаскардын өкүлдөрү университеттерде финансылык коопсуздук боюнча адистиктерди ачууда Окуу борборунун тажрыйбасын, ошондой эле мындай ишмердүүлүктү координациялоону үйрөнүүгө кызыкдар болушту. Жолугушуунун жыйынтыгында финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн ортосунда маалымат алмашуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга жана финансылык коопсуздук жаатындагы билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди.

Келишимдерге Эгмонт тобунун жакынкы иш-чараларынын алкагында кол коюу пландаштырылууда.