Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жамааты алкыш кат алды

11-10-2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жамааты Улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемесинин администрациясынан алкыш кат алды.

Алкыш кат (ачып кароо)

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарбынан «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук» бир айлыгынын алкагында Улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемесине материалдык жардам (жылыткычтар (Nikai) жана сырлар (Dekor)) көрсөтүлдү. ФЧМКнын кызматчыларынын көңүл буруусу жоопсуз калган жок.

Жогоруда аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө» токтомунун алкагында жыл сайын өткөрүлүп туруарын эске сала кетебиз.