Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга

06-09-2018

Бардык финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары – ФЧМК) 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы (мындан ары – Мыйзам) күчүнө киргендигин билдирет.

Мыйзамдын 23-26-беренелерине ылайык финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ФЧМКга операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдүн төмөнкү түрлөрүн жиберишет:

1) операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү;

2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү;

3) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактар менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү;

4) накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү.

Азыркы мезгилде «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган чечими күчүнө киргенге чейин финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ФЧМКга операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү төмөнкүдөй тартипте беришет:

1) шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү:

Ушул билдирүүнү ФЧМКнын 2017-жылдын 23-январындагы № 1/чуа буйругу менен бекитилген Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) ченөлчөмдөрүнүн (белгилеринин) тизмеги жана коддорунун маалымдамасын колдонуу менен түзүү керек.

Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү операцияны (бүтүмдү) мыйзамда белгиленген тартипте шектүү деп тааныган учурдан тартып беш сааттын ичинде ФЧМКга жиберилет.

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануунун белгиленген тартибин колдонууну улантышат.

Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү, шектүү операцияны (бүтүмдү) жасоо аракети жөнүндөгү билдирүүнү кошо алганда, операциянын (бүтүмдүн) жасалган же жасала турган суммасына карабастан жөнөтүлүүгө тийиш.

2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү:

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар аталган билдирүүнү жасалган операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан, операция (бүтүм) жасалган күндөнтартып эки жумушчу күндүн ичинде ФЧМКга беришет.

Ушул билдирүүнү ФЧМКнын 2017-жылдын 23-январындагы № 1/чуа буйругу менен бекитилген Жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин жана аймактардын тизмегин жана Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) ченөлчөмдөрүнүн (белгилеринин) тизмеги жана коддорунун маалымдамасын колдонуу менен түзүү керек.

Муну менен бирге жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен байланышкан каалаган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү берилет (жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган же иштеген жеке же юридикалык жактар).

3) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактар менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү:

Ушул билдирүүнү ФЧМКнын 2017-жылдын 8-февралындагы № 6/ө буйругу менен бекитилген Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жактардын тизмегин колдонуу менен түзүү керек.

Муну менен бирге террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жактар менен байланышкан каалаган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү берилет.

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул билдирүүнү операциялар (бүтүмдөр) жасалган күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде ФЧМКга беришет.

4) накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү:

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү накталай акча каражаттары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) жана алардын чектик суммасынын тизмегин бекиткенге чейин беришпейт.

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө мааалыматты ФЧМКнын суроо-талабы боюнча суроо-талапты алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде беришет.

Муну менен бирге финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматты электрондук форматта жана ФЧМК тарабынан белгиленген форма боюнча берүүгө тийиш.

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкүлөрдү колдонууну улантышат:

- билдирүүнү түзүү үчүн ФЧМКнын 2017-жылдын 23-январындагы № 1/чуа буйругун жана программалык камсыздоону (АЖО;

- билдирүүнү толтуруу үчүн Форма 1ди;

- ФЧМКга билдирүүлөрдү берүүнүн колдонулуп жүргөн каналын.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу

Финансылык чалгындоо

мамлекеттик кызматы