Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Финансылык Чалгындоо Мамлекеттик Кызматы

ФЧМКнын төрагасы А. Дж. Кадыралиевдин «Кыргыз Туусу» гезитине берген маеги 21 март 2017 ж.

23-03-2017

ФЧМКнын төрагасы А. Дж. Кадыралиевдин «Кыргыз Туусу» гезитине берген маеги 21 март 2017 ж.

«Финансылык чалгындоо каражаттарды легалдаштырууга каршы турат»

Финансылык системанын бүтүндүгү жана туруктуулугу мамлекеттин курулушунда чечүүчү мааниге ээ, биринчи иретте экономиканы өнүктүрүү, саясий жана социалдык стабилдүүлүктү сактоо фактору жана улуттук коопсуздукту камсыздоодо маанилүү түзүүчүсү катары.

Эксперттердин айтымында, дүйнө жүзүндө уюшкан кылмышуулуктун күн сайын күч алышы өтө кооптуу көрүнүш. Баңгизаттардын мыйзамсыз соодасы, курал же кул сатуу өңдүү кылмыштардан табылган кирешелердин көлөмү жылына жүздөгөн миллиард АКШ долларын түзөт. Мындан сырткары паракорчулук, мамлекеттик казынага кол салуу, коррупция сыяктуу кылмыштардан түшкөн пайда дагы кылмышкерлердин капчыгына кошумча болууда, деп айтат серепчилер. Эгерде ушундай чоң көлөмдөгү акча каражаттары адалдоодон өтүп мамлекеттин ачык экономикасына кошулчу болсо өнүккөн мамлекеттин да финансылык системасы өз туруктуулугун жоготушу турган сөз, деген жыйынтыкка келишет адистер. Натыйжада, ал мамлекет инфляцияга, экономиканын кулашы, банк системасынын олку-солку болушуна алып келет. Демек, мамлекет кылмыш жолу менен табылган кирешелердин адалдоосуна каршы чаралады көрүшү абзел.
Албетте, жалгыз тару боткоболбойт дегендей, жалгыз бир өлкө эл аралык уюшкан кылмыштуулукка туруштук бериши мүмкүн эмес. Бул багытта эл аралык кызматташтык орчундуу орунду ээлейт.

Кыргызстан да кылмыш жолу менен табылган акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракет көруу Улуттук системасы 10 жылдан бери иштөөдө. Анын негизги максаты финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүзөгө ашырууда жатат. Аталган система терроризм жана экстремизмге каршы туруу, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча стратегиянын эн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Анын иш аракеттери Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоого, ошондой эле мамлекеттин финансылык системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Ал эми Кыргызстандын арам акчаларды адалдоого каршы турган Улуттук системасы алдына коюлган максаттарды ишке ашырууга, орчундуу маселелерди чечүүгө жетишип жатабы? Анын ишмердүүлүгүнө жана деңгээлине ким баа берет да, ким аныктай алат? Бул багыттагы суроолор менен биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Кадыралиев Айбек Жумабаевичке кайрылдык.

• Айбек Жумабаевич, Сиз бул кызмат ордуна жакында эле дайындалдыңыз, андыктан Сизди жаңы кызматыңыз менен куттуктап, жаңы ийгиликтерди каалайбыз!
Б
үгүнкү күндө акчаларды адалдоого каршы турган Улуттук системасы алдына коюлган орчундуу максаттарды толук жүзөгө ашырууга жетишип жатат десек болобу?


-- Куттуктоолоруңуз үчүн чоң рахмат. Ал эми акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоого каршы көрүлүп жаткан аракеттер туурасында сөз кылсак, Кыргызстандын бул жаатындагы түзүлгөн Улуттук системасы толуккандуу иштеп жатат деп айтууга негиз бар. Ошол эле учурда бул системанын укуктук негиздерин дагы да жакшыртуу, мыйзамдарды өнүктүрүү маселелери күн тартибинен алына элек. Бул маселердин үстүндө биздин адистер иш алып барышууда. Ал эми аталган системанын мүмкүнчүлүктөрүнүн жана таасирдүүлүгүнүн деңгээлине баа берүүнү акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча Евразиялыктобунун топтун эл аралык деңгээлдеги эксперттери өз колуна алышкан. Жакынкы күндөрдө Кыргызстанга ошол өз ара баалоо өкүлчүлүнүн келишин кутуп жатабыз. Өз ара балоо миссиясы Кыргызстанда 27 марттан баштап 7 апрелге чейин иштейт.

  • Биз Сиз жетектеген кызматтын, ошондой эле кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоого каршы турган (КА/ТКК) улуттук системасы алдыларында турган татаал жана масштабдуу милдеттер жөнүндө сөз кылып жатабыз. Ал милдеттер кандай?
  • Миссия тарабынан КА/ТКК улуттук системасынын кайсы параметрлери бааланат? Биздин мыйзамдар дагы эле эл аралык укуктун ченемдерине шайкеш келтирилген эмеспи?
  • Эгер өз ара баалоонун жыйынтыктары канаатандыраарлык эмес болуп калса, мунун кесепеттери кандай болот, Кыргызстанга кандай коркунуч туудурат?

- Эгер масштабдуу, стратегиялык милдеттер тууралуу кеп кылсак, анда адегенде эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы КА/ТКК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналаарын жана ага ылайык КА/ТКК чөйрөсүндө аракеттенишкен бардык мамлекеттик түзумдөрдүн ишин координациялай тургандыгын айта кетүүбүз абзел. Ал эми ведомстволор аралык кызматташтык болсо уюшулган кылмыштуулукту жана мыйзамсыз ишкердикти кыскартууга, терроризмди, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана коррупцияны түзүүгө жана күчөтүүгө турткү берүүчү шарттарды жоюу сыяктуу милдеттерди чечүүгө багытталган. Дагы бир маанилүү милдеттердин катарына өлкөнун тышына акча каражаттарын жана кирешелерди мыйзамсыз чыгарып кетүүнү алдын алуу, мыйзамсыз чыгарылып кеткен кирешелерди кайтаруу кирет. КА/ТКК улуттук системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу планында өтө олуттуу милдет КА/ТК менен байланышкан иштер боюнча укук колдонуу жана сот практикасын жакшыртуу жана ушуга байланыштуу тергөөчүлөрдү, прокурорлорду жана сот өкүлдөрүн атайын окутуу маселеси. Биздин ишибиздин маанилүү жактарынын бири бул эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, чет өлкөлөрдүн финансылык чалгындоо бөлүктөрү (ФЧБ) менен өнөктүк мамилелерди, биринчи иретте финансылык кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү маалыматтар, билимдер жана тажрыйбалар менен алмашуу маселеси боюнча мамилелерди түзүү болуп саналат.

• Өз ара баалоо деген түшүнүк биздин окурмандар учун жаңылык болсо керек, анын мааниси, максаттары эмнеде? Кыргыз Республикасынын ага катышуусунун зарылчылыгы барбы?

- Өз ара баалоо деген – бул өлкөнүн белгиленген ченемдерге жана стандарттарга шайкеш келүүсүн баалоо дегенди түшүндүрөт. 2004-жылдан бери Кыргызстан Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАТ) толук укуктуу мүчөсү болуп саналат. Эгер Пленардык жыйын өз ара баалоонун кезектеги раундун өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алса, анда бул чечим уюмдун бардык мүчөлөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. ЕАТтын өз ара баалоолору бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт. Негизги максаты – мамлекеттин ФАТФнын сунуштамаларына шайкештигин баалоо, ошондой эле акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн улуттук системасынын укук колдонуу практикасынын натыйжалуулугунун деңгээлин иликтөө.

Бүгункү күндө Кыргыз Республикасында эл аралык укуктун улуттук мыйзамга карата көз көрүнөө үстөмдүк кылуусу көрүнбөйт. Бирок ошол эле убакта азыркы мезгилде финансынын чегарасы жок десек жаңылыш болбосо керек. Өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыш, финансылык эсептөөлөр, инвестициялык долбоорлор, мамлекеттер аралык насыя макулдашууларын аткарылышы акча жүгүртүү менен тыгыз байланышта, андыктан, мунун баарын объективдүү чындык катары кабыл алуу керек. Ошондуктан Кыргызстандын улуттук мыйзамдары эл аралык укуктардын талабына шайкеш болуусу шарт, анткени өлкөбүздүн эл аралык милдеттенмелери, анын ичинде финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү милдеттери так аткарышы талашсыз. Демек, эл аралык кызматташтык биз үчун өтө маанилүү. Мына ошон үчүн биз бүгүнкү күндө эл аралык стандарттарга шайкеш келүүчү укуктук механизмдерге ээ мамлекет катары өз ара баалоодон Кыргызстандын ийгиликтүү өтүшүн көздөп колубуздан келген аракеттерди көрүп жатабыз.

Биринчи өз ара баалоо мындан он жыл мурун болуп өтсө керек эле? Ал ошол мезгилде эмнени көрсөттү жана Кыргызстанга эмне бере алды?

-- 2007-жылдын февралында Кыргыз Республикасы КА/ТКК чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга шайкеш келиши боюнча өз ара баалоодон биринчилерден болуп өткөн эле. Ал убакта Кыргызстандын финансылык чалгындоо бөлүмү да, КА/ТКК улуттук системасы да алгачкы кадамдарын шилтегендигин айта кетүү керек. Бул калыптануунун, стратегияны аныктоо, ФЧМКнын жана бардык КА/ТКК системасынын укуктук пайдубалын түзүү мезгили болучу.

Мына ошондуктан өз ара баалоонун биринчи раундунун жыйынтыгы Кыргызстан үчүн көңүлдөгүдөй болбой калды. Республика ЕАТтын күчөтүлгөн көзөмөлүнө өткөрүлүп, ФАТФтын «боз» тизмеси деп аталуучу тизмесин кирип калды.

Миссиянын жүрүшүндө аныкталган кемчиликтер, анын жыйынтыктарынын негизинде берилген сунуштар албетте керектүү чечимдерди иштеп чыгуу процессин активдештирүүгө жана кабыл алууга өз жардамын көрсөттү десек акыйкаттык болот. Кемчиликтерди жоюу жана улуттук мыйзамдарды эл аралык укуктуктарга, эң башкысы ФАТФтын сунуштамаларына шайкеш келтирүү өзүнүн оң натыйжаларын берди – Кыргыз Республикасы ЕАТтын күчөтүлгөн көзөмөлүнөн чыгарылды жана «боз» тизмеден алынып салынды.

Бирок бул ийгилик Кыргызстан үчүн кандай гана күч-аракеттерди жана талыкпай иштөөнү талап кылды? Кыргыз Республикасы тизмеден чыгуу максатында жети жыл бою болгон күч-аракетин жумшап жатып ФАТФтын «боз» тизмесинен 2014-жылы чыгарылды. «Боз» тизмеге кирүү, финансылык кылмыштардын тобокелдигинин деңгээли төмөн мамлекеттердин арасын кирип калуу оңой, ал эми андан чыгуу, терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жалпы дүйнөлүк процессте алдыңкы орунга кайрадан ээ болуу, өзүнүн аброюн кайра калыбына келтирүү өтө кыйын.

Бүгүнкү күндө Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын алдында КА/ТКК улуттук системасынын укуктук негиздерин мындан ары да өнүктүрүү жана жакшыртуу милдеттери турат. Өлкөбүздүн мыйзамдары укуктун эл аралык ченемдерине, стандарттарына жана ФАТФтын жаңы сунуштамаларына шайкеш келүүгө тийиш. Алдыда турган өз ара баалоонун экинчи раундуна Кыргыз Республикасынын даярдык көрүүсүнүн алкагында гана эмес, мунун баары бизге бүгүнкү күндө Кыргызстандын финансылык укук бузууларга каршы эл аралык күрөшүүдө ээлеген орду мыйзам ченемдүү боюнча калабериши үчүн керек. Бул милдеттерди чечүү ыйгарым укуктуу органга – ФЧМКга гана тийиштүү болбостон, КА/ТККга тиешеси бар органдардын бардыгына, башкача айтканда, укук коргоо, көзөмөлдөө жана сот органдарына, коммерциялык түзүмдөргө жана финансылык институттарга да тиешелүү экендигин баса белгилеп кетким келет.

-- Он жыл ичинде КА/ТКК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына бир топ өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди, аларда бир катар БУУнун Конвенцияларында жана ФАТФтын сунуштамаларында берилген эл аралык ченемдердин жана стандарттардын негизги принциптери жана талаптары орун алган. Ошондуктан биздин мыйзамдар эл аралык стандарттарга шайкеш келбейт деп айтуу жаңылыштык болоор эле. Ошол эле мезгилде, финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү алдыга жылууну талап кылат, бир ордунда турбайт эмеспи, ал барган сайын өнүгүп барат. Эл аралык укук, стандарттар жаңыланып, мыйзам бузууларга каршы аракеттенүү механизмдери жакшырууда. Мисалга алсак, 2012-жылы ФАТФ жаңы сунуштамаларды кабыл алган, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмеси талап кылгандай алар улуттук мыйзамдарга киргизилиши керек. ФЧМК ыйгарым укуктуу орган катары жана КР Өкмөтү бул процессти көзөмөлдөп турат, андан ары Жогорку Кенешке жиберилүүчү мыйзам долбоорлоруна тиги же бул өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүнү демилгелейт. Бүгүнкү күндө парламенттин кароосунда «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди же экстремизмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору жатат. Бул мыйзам долбоорунун ченемдери ФАТФтын жаңы сунуштамаларын толук кандуу эске алуу менен иштелген.

Алдыда турган өз ара баалоо миссиясы Кыргыз Республикасын КА/ТКК чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын учурдагы эл аралык ченемдерге жана стандарттарга шайкеш келүүсүн баалайт. Миссиянын милдети Кыргызстандын укук механизмдеринин ФАТФтын сунуштамаларына шайкеш келүү деңгээлин, КА/ТКК улуттук системасынын иштешинин жана Тобокелдиктерди улуттук баалоосунун (ТУБ) натыйжалуулугун аныктоо.

-- Эгер өз ара баалоонун жыйынтыктары боюнча,шайкеш келүү рейтинги төмөн болуп чыкса, Кыргызстан бир катар оор кесепеттерге дуушар болушу талашсыз.

ФАТФ (FATF) акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуучу өкмөттөр аралык уюм болуп саналарын эскерте кетсем. ФАТФнын сунуштамалары дүйнөнүн 190-дон ашуун юрисдикцияларында милдеттүү түрдө аткарылат.

Ушул мамлекеттер жана эл аралык финансылык уюмдар ФАТФнын алдындагы эл аралык милдеттенмелеринин алкагында Кыргыз Республикасына карата ар түрдүү санкцияларды, анын ичинде эл алдында жарыялоону (резолюцияларды) кабыл алуу жолу менен финансылык да санкцияларды колдонушу мүмкүн. Өз кезегинде Кыргыз Республикасына карата санкцияларды колдонуу төмөнкүдөй терс кесепеттерге алып келет:

  • өз мойнуна алган эл аралык милдеттенмелерди аткарбоонун кесепети катары Кыргыз Республикасынын бедели жана инвестициялык ыңгайлуулугу төмөндөйт, а бул болсо, Кыргыз Республикасына чет мамлекеттик инвестициялардын агымынын азайуусуна же токтошуна алып келет, натыйжада биздин өлкөнүн финансылык рыногуна терс таасирин тийгизет жана экономиканын өнүгүшүн бир топ кечеңдетет;
  • ал эми эл аралык финансылык уюмдардын Кыргыз Республикасынын финансылык мекемелери менен кызматташуудан баш тартуусу, акчалардын эки тараптуу кыймылынын азайышына, финансылык институттардын жана ишкерлердин кирешесинин кыскарышына жана албетте мамлекеттин бюджетине салыктарды төлөөнүн азайышына;
  • чет мамлекеттердин банктары менен түздөн-түз корреспонденттик мамилелерди токтотууга байланыштуу, чет жакка акча каражаттарын которуу боюнча банктык тейлөөлөрдүн баасынын жогорулашына жана Кыргыз Республикасынын банктык системасынын ишинин кыскаруусуна;
  • биздин мекендештерибиз тарабынан Кыргыз Республикасына жөнөтүлүүчү акча каражаттарынын көлөмүнүн азайышына;
  • Кыргыз Республикасында «көмүскө экономиканын» көлөмүнүн чоңоюшуна алып келет.

Ошондой эле ушул чөйрөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын шайкеш келбестигинин кесепеттеринин бири кылмыштын оор түрү болуп саналган кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоону алдын алуунун жана бөгөттөөнүн натыйжалуулугунун төмөндөшү болушу мүмкүн.

Перспективалар өзүңүздөр байкагандай кубанарлык эмес. Муну бардыгы түшүнүшү керек деп ойлойм, анткени мунун баары бир гана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө аракеттенишкен ведомстволор менен уюмдарга гана тиешелүү болбостон жалпы биздин мамлекетке тиешелүү. Бүгүнкү күндө, мисалга алсак, мен мурун айтып өткөндөй ФАТФтын жаңы сунуштамаларында берилген эл аралык стандарттар чагылдырылган «КА/ТКК жөнүндө» КР Мыйзамын КР Жогорку Кеңеши өз убагында карап чыгып жана кабыл алса жөндүү болмок.

Биздин баарлашууну жыйынтыктап жатып, ушул жылы Кыргыз Республикасында Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун 26-Пленардык жыйыны болуп өтөт. Биздин республика мындай форумду 2008-жылы Ыссык-Көлдө өткөргөн. Бул жолу иш-чара Бишкек шаарында май айында өткөрүлөт. Ушул масштабдуу форумга даярдык көрүү бизден көптөгөн күчтү жана максималдуу жоопкерчиликти талап кылат. Бүгүнкү күндө биздин адистер өз ара баалоого даярдык көрүү менен бирге Пленардык жыйынды өткөрүү боюнча милдеттерди аткаруунун үстүндө абдан эмгектенип жатышат. Бул милдетти өтөөсүнө чыгарып жана аталган эл аралык форумду татыктуу уюштуруп, өткөрө алабыз деп айтууга бардык негиздер бар.

Рахмат!

Маектешкен…