
Бишкек, 2026-жылдын 25-августу – Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №537 токтому менен бекитилген «Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө кабарлоо тартибинин» нормалары боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган документ Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган.
Жаңы ченемдик укуктук актыга ылайык, мамлекеттик кызматчылар, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери, ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактар аларды коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүүгө болгон бардык аракеттер жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Кабарлоо мындай кайрылуу болгон учурдан тартып 24 сааттан кечиктирилбестен компетенттүү органдарга жөнөтүлүүгө тийиш.
Түшүндүрүү иш-чарасынын жүрүшүндө ФЧМКнын кызматкерлерине бекитилген тартиптин негизги жоболору жеткирилди:
Кызматкерлерге арыз берүүчүлөрдү берилген билдирүүгө байланыштуу жумуштан бошотуудан, куугунтуктоодон жана тартиптик жазалардан коргоо кепилдиктери түшүндүрүлдү. Жетекчилер мындай кайрылуулардын жашырылышына жол бербеген шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
Аталган Тартипти сактоо коррупцияга каршы маданиятты чыңдоого жана кызматкерлердин укуктук корголушун камсыз кылууга багытталган. ФЧМКнын жетекчилиги коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө карата «нөлдүк чыдамдуулук» саясатын карманат жана кызматтын ачык-айкын, көз карандысыз иштөөсү үчүн коопсуз шарттарды түзүүнү улантат.