Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы «Эгмонт» тобунун алкагында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө

29-01-2026

«Эгмонт» тобунун жумушчу жана регионалдык топторунун жыйындарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Сейшел аралдарынын жана Мадагаскар Республикасынын финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол койду.

Сейшел аралдарынын финансылык чалгындоо бөлүмү менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 23-январда, ал эми Мадагаскар Республикасынын финансылык чалгындоо бөлүмү менен түзүлгөн меморандумга 28-январда кол коюлду.

Аталган меморандумдар кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо, ошондой эле «Эгмонт» тобунун стандарттарына жана принциптерине ылайык финансылык чалгындоо маалыматтары менен алмашууну камсыз кылуу максатында түзүлдү.

Меморандумдардын түзүлүшү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын эл аралык өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө жана трансчек аралык финансылык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.