Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Ташкентте финансылык чалгындоо жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча семинар өттү

11-12-2025

2025-жылдын 10–11-декабрында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңеши, КМШнын Антитеррордук борбору, ЕАТ жана Финансылык мониторинг боюнча эл аралык окуу-методикалык борбору тарабынан терроризмди каржылоого каршы (ТКК) күрөшүү чөйрөсүндө финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталган биргелешкен семинар өткөрүлдү.

Семинардын ачылышында уюштуруучулардын жана Өзбекстан Республикасынын Укук коргоо академиясынын өкүлдөрү катышуучуларга кайрылуу сөздөрүн жолдошту.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар террористик топтордун өз ишмердүүлүгүн каржылоонун негизги тенденциялары, ошондой эле мамлекеттердин заманбап технологияларды колдонуу аркылуу акча каражаттарын чогултуу жана жылдырууга көзөмөл жүргүзүү бөлүгүндө ФАТФ Стандарттарын имплементациялоо боюнча тажрыйбалары менен таанышты. Семинардын алкагында терроризмди каржылоону аныктоо жана алдын алуу үчүн заманбап технологияларды колдонуу маселелери боюнча, анын ичинде блокчейн-технологияларын жана чоң көлөмдөгү маалыматтарды талдоодо жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча тажрыйба алмашуу болду. Мындан тышкары, террористик ишмердүүлүк үчүн каражаттарды чогултуу жана жылдыруу максатында оюн платформаларын жана заманбап коммуникациялык каражаттарды колдонуу мисалдары талкууланды. Катышуучулар ошондой эле финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн мыкты практикаларын жана ведомстволор аралык натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү түзүүнүн үлгүлөрүн сунушташты.

Ошондой эле эксперттердин жетекчилиги алдында угуучулар террористик топтор тарабынан акча каражаттарын чогултуу жана которуу ыкмаларын иликтөөдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу боюнча тажрыйбалык оюнга катышышты. Тажрыйбалык оюн кылмыш жолу менен алынган каражаттардын жылуу жолдорун жана терроризмди каржылоо схемаларын аныктоо үчүн «Графус» окуу системасын колдонуу менен өткөрүлдү.

Иш-чара КМШга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдары менен финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого мүмкүндүк берди.