Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКнын жетекчилигинин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусу

21-10-2025

ПРЕСС-РЕЛИЗ

ФЧМКнын жетекчилигинин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусу

Бишкек, 21-октябрь, 2025-жыл.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында ФЧМКнын жетекчилиги менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Лесли Вигери мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

ФЧМКдан жолугушууга төрага Канат Асангулов, төраганын орун басары Бакыт Алишеров, ошондой эле башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери Канат Асангулов катышышты.

АКШ элчилиги тараптан Элчи Лесли Вигери, саясий маселелер боюнча кеңешчи Раян Флори.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде АКШ элчилигинин INL бөлүмүнүн колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, кырдаал борборун түзүү, ФЧМК, УКМК, ИИМ жана БП менен биргеликте иштелип чыгарылган финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча колдонмо тууралуу талкуулашты.

Финансылык кылмыштарга каршы аракеттенүү, ведомстволор аралык координациялоо, "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу, ошондой эле параллелдүү финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан ары өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана ТИК/ККЛК жана массалык кыргын салуучу куралдарын таратууну каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндө жаңы биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.