Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ПРЕСС-РЕЛИЗ Кыргыз Республикасынын курама командасынын Финансылык коопсуздук боюнча V Эл аралык олимпиадасына катышуусунун жыйынтыгы боюнча

10-10-2025

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Кыргыз Республикасынын курама командасынын Финансылык коопсуздук боюнча V Эл аралык олимпиадасына катышуусунун жыйынтыгы боюнча

Красноярск 2025-жылдын 29-сентябры – 3-октябры

2025-жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейин Россия Федерациясынын Красноярск шаарында каржы коопсуздугу боюнча юбилейлик V Эл аралык олимпиадасынын финалы болуп өттү, ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 600дөн ашуун катышуучу катышты.

Финансы коопсуздугу боюнча эл аралык олимпиада - бул жаштардын финасы коопсуздугу жаатындагы билимин жогорулатуу, экономикалык кылмыштардын алдын алуу жана акчаны адалдоого каршы туруу максатында уюштурулган жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара.

Финансы коопсуздугу боюнча эл аралык олимпиада 2021-жылдан бери өткөрүлүп келет. Уюштуруучулар - Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызмат, Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо жаатындагы Эл аралык тармактык институттун курамына кирген билим берүү уюмдары.

Олимпиада студенттерди экономика, маалыматтык коопсуздук, укук жана эл аралык мамилелер багыттары боюнча бириктирип, каржы системаларын коргоо жана каржы сабаттуулугун жогорулатуу боюнча келечектеги адистерди даярдайт. Бул жөн гана мелдеш эмес, тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтык үчүн аянтча.

Россиянын Президенти Владимир Путин юбилейлик Олимпиаданын катышуучуларына салам жолдоду: «Бул олимпиада Красноярск шаарында, Сибирь федералдык университетинин аймагында КМШ, БРИКС, ШКУ жана башка көптөгөн мамлекеттерден келген алты жүзгө жакын окуучуларды жана студенттерди бириктирди.

Сиздердин көңүлүңүздөрдүн борборунда салттуу түрдө заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, каржы чөйрөсүндөгү кылмыштардын алдын алуу үчүн алдыңкы технологияларды колдонуу, жарандардын маалыматтык, укуктук сабаттуулугун жогорулатуу маселелери турат».

Росфинмониторингдин директору Юрий Чиханчин Олимпиаданын каржылык коопсуздук жаатында келечектеги адистердин коомчулугун түзүүчү аянтча катары маанилүүлүгүн белгиледи:

«Трансулуттук кылмыштуулук, киберкылмыштуулук, терроризм, дропперлик жана башка каржы коопсуздугу жаатындагы коркунучтар эл аралык мүнөзгө ээ жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун координацияланган аракеттерин талап кылат. Биздин олимпиада да ушундан улам 5 жылдан ашык мурда пайда болгон.

Анда 7 өлкө катышкан, жыл сайын географиясы кеңейип, бүгүнкү күндө 40 мамлекетке жетти».

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Канат Кубатович Асангулов дагы куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү, ал өз сөзүндө белгиледи:

«Олимпиада – бул жөн гана интеллектуалдык мелдеш эмес. Бул илим менен практика жолугушкан, профессионалдардын тажрыйбасы жаштардын энергиясы менен айкалышкан аянтча.

Бул жерде эртең каржылык кылмыштуулукка каршы күрөштүн алдыңкы сабында турган, инновациялык чечимдерди иштеп чыккан жана каржы системаларынын туруктуулугун коргой турган жаңы муундун адистери калыптанат».

Каржылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада – бул каржылык сабаттуулук маданиятын калыптандырууга, каржылык кылмыштуулукка каршы туруу жаатындагы компетенцияларды өнүктүрүүгө жана акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү (АК/ТК) жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган масштабдуу билим берүү платформасы.

Бул жылы финалга КМШ өлкөлөрүнүн, Азиянын, Европанын, Африканын жана Латын Америкасынын өкүлдөрү катышты. Программа теориялык тапшырмаларды, кейс-чемпионаттарды, тегерек столдорду, панелдик талкууларды жана практикалык тренингдерди камтыды. Кыргыз Республикасынан Олимпиадага Финансылык коопсуздук боюнча IV Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү – төмөнкү университеттердин студенттери катышты: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университети, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети.

Кыргыз Республикасын Олимпиадада экономика, укук, киберкоопсуздук жана финансылык тобокелдиктерди талдоо жаатында жогорку деңгээлдеги билимдерин көрсөткөн таланттуу студенттер көрсөттү. Алар жыл сайын өткөрүлүүчү IV Республикалык финансылык коопсуздук боюнча олимпиаданын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган. Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курама командасынын 3 өкүлү төмөнкү номинациялар боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:

1. Эл аралык мамилелер – Жумаков Азим;

2. Экономикалык коопсуздук – Алиса Семенова;

3.Маалыматтык коопсуздук – Кошевой Дмитрий.

Кыргыз Республикасы финансылык коопсуздук жана ККА/ТКК аракеттенүү чөйрөсүндө кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди активдүү колдойт. Ошону менен бирге, статистикага ылайык, финансылык коопсуздук боюнча Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн жарымынан көбү ККА/ТКК улуттук системасында кесиптик эмгек жолун улантып, өлкөнүн кадрдык потенциалын түзүп жатканын белгилейбиз.