Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

2025-жылдын 15–18-сентябрында Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) тарабынан Кыргыз Республикасында терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ТККА) боюнча техникалык жардам долбоорунун алкагында виртуалдык таанышуу миссиясы өткөрүлөт.

17-09-2025

2025-жылдын 15–18-сентябрында Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) тарабынан Кыргыз Республикасында терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ТККА) боюнча техникалык жардам долбоорунун алкагында виртуалдык таанышуу миссиясы өткөрүлөт.

Миссиянын мамлекеттик органдар менен консультациялар өткөрүү жана учурдагы ТКАА системасы боюнча маалымат алмашуу, мындан аркы иштердин негизги багыттарын аныктоо, ошондой эле ЭВФтин эксперттеринин мындан аркы ишинин жана кийинки иш сапарларынын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого багытталган.

Жолугушууларга Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Салык жана Бажы кызматтарынын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү катышат.

Талкуулана турган негизги маселелер:

•ТККА тобокелдиктерин баалоо жана улуттук стратегия;

•коммерциялык эмес сектордун ишин укуктук жөнгө салуу;

•максаттуу каржылык санкциялар;

•терроризмди каржылоо иштерин тергөө жана айыптоо.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы терроризмди каржылоого каршы күрөшүүнүн улуттук системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыздоо боюнча эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууну улантат.