Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Вашингтондо Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү

26-08-2026

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасынын орун басары Алишеров Бакытбек Автандилович АКШнын Вашингтон шаарында Экспорттук контролдоо жана чек ара коопсуздугу программасынын (EXBS) алкагында уюштурулган жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККЛ/ТК) маселелерине арналган кызматтык иш сапарынын жүрүшүндө Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Вашингтон шаарындагы Эл аралык валюта фондунун штаб-квартирасында болуп өттү. ЭВФ тарабынан жолугушууга төмөнкү өкүлдөр катышты:

Шади Хури — Финансылык ак ниеттүүлүк маселелери боюнча топтун жетекчиси;

Каролина Клавер — Финансылык ак ниеттүүлүк маселелери боюнча топтун жетекчисинин орун басары;

Максим Маркевич — финансылык сектор боюнча эксперт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фонду менен ККЛ/ТК жаатындагы кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн улуттук тутумун мындан ары чыңдоо боюнча чараларды талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын кезектеги өз ара баалоо раундуна даярдыктын алкагында Улуттук команданын мүчөлөрүн даярдоого, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын потенциалын жогорулатууга багытталган техникалык көмөктүн учурдагы долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар ошондой эле 2027-жылга карата кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде аныкталган тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча планда каралган иш-чараларды ишке ашырууда техникалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, 2027-жылдан тартып ишке ашырылышы пландалып жаткан Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн регионалдык кызматташтыктын кийинки этабынын алкагындагы жаңы долбоорлор жана демилгелер талкууланды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмаларын аткаруу максатында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын ККЛ/ТК боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чаралар планынын («жол картасынын») аткарылышына байланыштуу маселелер каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын ККЛ/ТК боюнча улуттук тутумун чыңдоого, мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатууга, ошондой эле Улуттук стратегиянын жана тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча пландын иш-чараларын натыйжалуу ишке ашырууга багытталган мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.