
2026-жылдын 19–21-январь күндөрү Бишкек шаарында «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоо менен байланышкан оор жана татаал иштерди иликтөөдө финансылык чалгындоону далил катары колдонуу» темасында регионалдык семинар өттү. Иш-чара EU-ACT долбоору (Европа Бирлигинин «Уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча ЕБ аракеттери» долбоору) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулду.
Семинарга Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын финансылык чалгындоо органдарынын, укук коргоо жана сот органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККЛ/ТК) чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө финансылык чалгындоонун материалдарын кылмыш иштери боюнча иликтөөлөрдө колдонуу, параллелдүү финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү, кылмыштуу активдерди аныктоо, камакка алуу жана конфискациялоо, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарды сактоо менен эл аралык кызматташтык жана өз ара укуктук жардам көрсөтүү маселелери каралды.
Семинардын программасына эксперттик баяндамалар, практикалык кейстерди талдоо жана интерактивдүү талкуулар киргизилип, бул катышуучуларга тажрыйба алмашууга жана Борбордук Азия регионундагы актуалдуу чакырыктарды талкуулоого мүмкүнчүлүк берди. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Бакытбек Алишеров EU-ACT долбоорунун регионалдык координатору Каспарс Валпетерис жана Европа Бирлигинин ККЛ/ТК боюнча Глобалдык демилгесинин долбоорунун жетекчиси Дэвид Хотт менен жолугушуп, анда мындан аркы кызматташтыктын келечеги талкууланып, биргелешкен демилгелер боюнча пландар белгиленди.
Семинардын өткөрүлүшү мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ыйгарым укуктуу органдардын кесиптик потенциалын жогорулатууга жана уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмдик коркунучтарга каршы күрөшүүдө макулдашылган ыкмаларды өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Европа Бирлиги тарабынан каржыланган EU-ACT долбоору укуктун улуктугу жана адам укуктарын коргоо принциптерине негизделип, трансчекаралык уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүдө өнөктөш мамлекеттерди колдоого багытталган.