Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЭВФ жана ФЧМК тарабынан уюштурулан терроризмди каржылоого каршы семинар аяктады

16-01-2026

13-январдан 16-январга чейин Бишкек шаарында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) эксперттеринин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) «Терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү: түзүмү, чакырыктары жана алдыңкы тажрыйбасы» аттуу темада биргелешкен окуу курсу болуп өттү.

Семинар Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасына көрсөткөн техникалык жардамынын алкагында, анын ичинде ФАТФтын өз ара баалоосунун үчүнчү раундуна өлкөнү даярдоо контекстинде уюштурулган. Иш-чара терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча улуттук системанын институционалдык жана кесиптик потенциалын чыңдоого, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) жана терроризимди каржылоо (ККЛ/ТК) боюнча эл аралык стандарттарды ишке ашырууда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Окутууга Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Улуттук банктын, Мамлекеттик салык кызматынын, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин өкүлдөрү катышты.

Программанын алкагында катышуучулар терроризмди каржылоонун тобокелдиктерин жана типологияларын жана алардын мамлекеттик саясатта чагылдырылышын, жеке сектордун шектүү финансылык операцияларды аныктоодогу жана алдын алуудагы ролун, кылмыш иштерин иликтөөдө финансылык чалгындоону чогултуунун жана пайдалануунун практикалык механизмдерин, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин максаттуу финансылык санкциялар боюнча резолюцияларын ишке ашырууну, ошондой эле ички мамлекеттик жана эл аралык кызматташтык маселелерин карашты.

Окутуунун жүрүшүндө терроризмди каржылоо боюнча иштер боюнча ийгиликтүү иликтөө, соттук куугунтук жана өкүм чыгаруу үчүн зарыл болгон толук кандуу далилдөө базасына финансылык чалгындоонун трансформацияланышына өзгөчө басым жасалды.

ЭВФтин жана ФЧМКнын семинарынын өткөрүлүшү Кыргыз Республикасын өз ара баалоонун алдыдагы үчүнчү раундуна системалуу даярдоонун маанилүү этабы болуп калды жана өлкөнүн эл аралык стандарттарга ылайык ККЛ/ТК улуттук системасын мындан ары да чыңдоого умтулуусун тастыктады.