Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бишкекте техникалык жардамды координациялоо боюнча жолугушуу болуп өттү

04-12-2025

2025-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (ФЧМК) тарабынан уюштурулган техникалык жардамды координациялоо боюнча жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын максаты ФЧМКнын эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыгын чыңдоо, техникалык жардамды натыйжалуу жана макулдашылган координациялоону камсыз кылуу, учурдагы жана пландаштырылган долбоорлорду талкуулоо, кылмыштуу кирешелерди адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга каршы аракеттенүү боюнча улуттук системанын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган техникалык жардамга болгон муктаждыктарды аныктоо.

Иш-чара ККЛ/ТК жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга каршы аракеттенүү багытындагы өлкөлөргө көмөк көрсөткөн эл аралык уюмдардын, өнөктөш мамлекеттердин жана адистештирилген мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү, алардын катарында БУУ БКБнын Бишкек жана Астана шаарларынын программалык кеңселери, ошондой эле ЕАТ Катчылыгы, ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсеси, Дүйнөлүк банк, Евразиялык Өнүктүрүү Банкы, АКШнын КРдагы Элчилигинин INL бөлүмү, Финансы мониторинги боюнча Эл аралык Окуу-усулдук борбору, БАЭнин ККЛ/ТК боюнча Улуттук комитети, Экофель, ЕБнын Глобалдык фонду, БУУ, ЭВФ, КР ТИМи жана КР Финансы министрлиги гибриддик форматында катышты.

Жолугушууну өткөрүү эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин бириктирүүнүн жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого (ККЛ/ТК) каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун өз ара баалоолорунун үчүнчү раундунун алдында Кыргыз Республикасын комплекстүү колдоону камсыздоонун негизги элементи болду.

Кыргыз Республикасы 2026-жылы ФАТФ (акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу) стандарттары боюнча Евразиялык топтун өз ара баалоосунан өтөт жана өз ара баалоонун жаңы раундунан өткөн биринчи өлкө болуп калат.

Баалоонун жыйынтыктары өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ: алар инвестицияларды тартууга, эл аралык каржылоого жетүүгө жана дүйнөлүк финансы системасындагы абалга таасир этет. Баалоодон ийгиликтүү өтүү эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин арттырып, финансылык коопсуздукту бекемдеп, мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.