Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргызстан менен Астанадагы БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы акчанын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы чараларды күчөтүү боюнча биргелешкен иш-чараларды баштады.

01-12-2025

Бүгүн, 2025-жылдын 1-декабрында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы чалгындоо кызматынын имаратында БУУ БКБнын колдоосу менен уюштурулган иш-чаралар циклинин алгачкы бөлүгү болгон эксперттик жолугушуу өттү.

Жолугушуу кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы улуттук системаны өнүктүрүү, финансы иликтөөлөрүн күчөтүү жана уурдалган активдерди аныктоо, кайтаруу жана конфискациялоо механизмдерин жакшыртуу маселелерине арналды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Юстиция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Жогорку сотунун, Финансылык чалгындоо кызматын жана БУУ БКБнын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар ККЛ/ТК жаатындагы улуттук стратегиялык документтердин азыркы абалын, эл аралык тажрыйбаны жана финансы иликтөөлөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталған практикалык сунуштарды талкуулашты.

Эксперттик жолугушуу адистештирилген симуляциялык тренингди, укуктук анализ боюнча вебинарларды жана аймактык эл аралык форумду камтыган кеңири программалардын алгачкы этабы болуп саналат. Иш-чаралардын максаты — Кыргыз Республикасынын институттук жана укуктук потенциалын жогорулатып, кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөштү жана уурдалган активдерди кайтарууну күчөтүү.