
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү ЖККУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенген ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин координациялык кеңешинин 2025-жылга карата негизги иш-чараларынын планына ылайык, 22-26-сентябрь күндөрү баңгизаттардын, алардын прекурсорлорунун жана аналогдорунун, жаңы психоактивдүү жана күчтүү таасир этүүчү заттардын ЖККУнун жоопкерчилик аймагына келип түшүү каналдарын токтотуу, эл аралык трансулуттук баңгизат топторун нейтралдаштыруу, ошондой эле жашыруун баңгизат өндүрүшүн жоюу жана баңгибизнесинин экономикалык негиздерин жок кылуу максатында "Канал-Батыш Двина" аймактык баңгизатка каршы операциясына катышты.
Операцияга ЖККУга мүчө мамлекеттеринин укук коргоо органдары, чек ара жана бажы органдары, мамлекеттик коопсуздук кызматтары, финансылык чалгындоо бөлүмдөрү, ошондой эле Кытайдан, Ирандан, БАЭден, БУУнун БКБдан, ЕАТдан жана Мамлекеттер аралык бажы кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча координациялык тобунан байкоочулар катышты.
Операцияны башкаруу боюнча эл аралык координациялык штаб "Плисса" Коомдук Коопсуздук Кеңешинде (Витебск обл., Беларусь Республикасы) жайгаштырылган. 2025-жылдын 26-сентябрында операциянын алдын ала жыйынтыгы чыгарылып, ага ЖККУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенген ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин координациялык кеңешинин төрагасы, Россия Федерациясынын ички иштер министринин орун басары А.И.Храпов, Беларусь Республикасынын ички иштер министринин орун басары Г.А.Казакевич, Росфинмониторингдин директорунун биринчи орун басары О.В.Крылов, ЖККУнун башкы катчысынын орун басары В.А.Семериков катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттеринин финансылык чалгындоо жана баңгизаттарды көзөмөлдөө бөлүмдөрүнүн ыкчам өз ара аракеттенүүсү уюштурулуп, анын натыйжасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар деп болжолдонгон 260тан ашык адамдын катышуусундагы 1 миңден ашык шектүү финансылык операцияга мониторинг жүргүзүлдү. Аныкталган операциялардын жалпы суммасы олуттуу деп бааланууда, алардын көпчүлүгү акча каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү, накталай акчаларды салуу жана алуу, "дроптук" банктык карталарды жана криптовалюталык транзакцияларды колдонуу менен байланыштуу.
Финансылык чалгындоо бөлүмдөрү тарабынан көзөмөлгө алынган курамында химиялык кошулмалары менен мыйзамга каршы бүтүмдөргө катыштыгы бар деп негиздүү шектелген 65 жеке жактын криптовалюталык жана банктык операцияларын токтотуу чечими кабыл алынды. Кызматташуунун бул форматын ишке ашыруу баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы биргелешкен чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт жана ЖККУ алкагында аймактык коопсуздукту бекемдейт.