Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЕАТнын ККЛ/ТК боюнча 43-Пленардык жыйынынын алкагында БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

26-11-2025

Кыргыз Республикасынын делегациясы, анын курамында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматы (ФЧМК), ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү - Башкы прокуратура, Мамлекеттик салык кызматы, Ички иштер министрлиги жана Мамлекеттик бажы кызматы Евразиялык топтун ККЛ/ТК боюнча 43-Пленардык жыйынынын алкагында Астана шаарында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БКББ БУУ) өкүлдөрү менен 17-ноябрдан 19-ноябрга чейин жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын өз ара баалоонун үчүнчү раундуна карата даярдыгынын жүрүшүн, мекемелер аралык координацияны бекемдөө, укук коргоо органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана эл аралык кызматташтык механизмдерин өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл төмөнкү иш-чараларды талкуулоого бурулду:

  • 2025-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында өтө турган «Улуттук ККЛ/ТК системасын өнүктүрүү стратегиялары: финансылык иликтөөлөр, активдерди аныктоо, кайтаруу жана конфискациялоо» аттуу эксперттик жолугушуу.
  • 2025-жылдын 2–4-декабрында Бишкек шаарында өтө турган «Финансылык иликтөө – кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөштүн, уурдалган активдерди аныктоо, кайтаруу жана конфискациялоонун натыйжалуу механизми» аттуу симуляциялык тренинг.

Ошондой эле тараптар КРнын укук коргоо органдарын өз ара баалоого даярдоо алкагында эл аралык эксперттердин пландалган сапарын уюштуруу боюнча пикир алмашып, мындан аркы тыгыз кызматташуу боюнча кадамдарды макулдашты.

Кыргыз Республикасы БКББ БУУга көрсөткөн колдоосу жана ККЛ/ТК чөйрөсүндө улуттук потенциалды чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазылыгын билдирди.