2025-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Д.Дж. Амангельдиев төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштеп жаткан Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (КИК/ККЛК) маселелери боюнча Комиссиясынын кезектеги 14-жыйыны болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө КИК/ККЛК маселелери боюнча Комиссиянын чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын өз ара баалоону даярдоо жана өткөрүү боюнча 2024-2026-жылдарга Стратегиялык иш планы, ЕАТ Катчылыгынын эксперттеринин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча Сунушталган чаралардын тизмеги каралды
КИК/ККЛК тобокелдигине Улуттук баа берүүнү жаңылоо маселелери жана текшерүүчү органдардын (Улуттук банк, Финансылык көзөмөл, Баалуу металлдар департаменти, Байланыш кызматы, Юстиция министрлиги) сектордук тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары угулду. Ошондой эле 2025-жылдын 26-30-майында Москва шаарында өтүүчү ЕАТтын пленардык жыйынына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуусу жөнүндө маселе угулду.
КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын жыйынында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ФАТФ Сунуштарына ылайык келүүсүнө укуктук талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет каралып, жактырылды. Кароонун жыйынтыгы боюнча Сунушталган чаралар бекитилип, алар ишке ашыруу үчүн кызыкдар мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.
Ошону менен бирге 2025-жылдын 26-июнунда Ысык-Көлдө Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн форумун өткөрүү боюнча иш-чаралар планы кабыл алынды. Форум Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын 11-саммитине катышуусунун жыйынтыгы боюнча иш-чаралар планына ылайык өткөрүлдү (6-ноябрь, 2024-жыл, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы).
Комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
- өз ара баалоону даярдоого жана ишке ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жүктөлгөн милдеттердин өз убагында, так жана сапаттуу аткарылышына жеке контролду күчөтсүн, ошондой эле Стратегиялык пландын пункттарын жана ЕАТ Катчылыгынын сунуш кылынган чараларынын тизмегин аткаруу боюнча деталдуу маалыматты даярдасын жана Комиссиянын кезектеги жыйынынын кароосуна берсин;
- 2022-2024-жылдарга Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигине Улуттук баа берүүнүн жаңыланган версиясына маалыматтарды даярдоо жана чогултуу мөөнөтү 2025-жылдын 1-июлуна чейин узартылсын;
- 15-июлга чейин Улуттук банктын, Юстиция министрлигинин, Баалуу металлдар департаментинин, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын көзөмөлгө алынган секторлорунда сектордук тобокелдиктерди баалоону аяктоо жана Комиссиянын кароосуна Тобокелдиктерди баалоо жөнүндө отчетторду жана КИК/ККЛК тобокелдиктерин азайтуу пландары берилсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ФАТФ Сунуштарына ылайык келүүсүнө укуктук талдоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча Сунушталган чаралары бекитилсин;
- 2025-жылдын 26-июнунда Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттеринин Уюмуна мүчө мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн Эл аралык форумун уюштуруу жана өткөрүү боюнча Ведомстволор аралык планы бекитилсин.