Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргызстандын делегациясы ЕАТнын 39-пленардык жумалыгынын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларга катышты

11-12-2023

2023-жылдын 4-декабрдан 8-декабрга чейинки мезгилде Санья шаарында (КЭР) Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) 39-пленардык отуруму жана жумушчу топтордун отуруму, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешинин (ФЧБЖК) 25-отуруму болуп өттү, аларга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы К.К.Асангулов жетектеген ФЧМКнын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү жана министр Д.Д.Амангелдиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү катышышты.

2023-жылдын 6-декабрь ФЧБЖКнын 25-отуруму болуп өттү, анын жүрүшүндө 9 маселе каралды, алардын негизгилери террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы КМШга катышкан мамлекеттердеги оперативдүү кырдаалдын өзгөчөлүктөрү жана аны турукташтыруу максатында көрүлүп жаткан чараларды кароо; криптовалюталарды укукка каршы пайдалануу менен байланышкан тобокелдиктер; кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоонун эл аралык борборун КМШга катышкан мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн ишине интеграциялоо жөнүндө болуп саналат.

ЕАТнун Өз ара баалоо жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө (ӨБУМЖТ) Кыргызстандын прогресси жөнүндө 5-отчету угулду жана ФАТФ 8 жана 15 сунуштамалары боюнча рейтингдерди кайра карап чыгуу менен отчет бекитилди. Кыргызстандын прогресси жөнүндө отчету ЕАТнын сайтында сапатты талдоо жол-жобосунан өткөндөн кийин жана ФАТФ глобалдык тармагынын отчетторуна ылайык келгенден кийин жарыяланат. Кыргыз Республикасы ЕАТнын 40-Пленардык жыйынынын алкагында КЭУ секторун көзөмөлдөө тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу маселелери жөнүндө жаңыланган маалымат берет.

Ошондой эле, ӨБУМЖТнын отурумунун жүрүшүндө жана ЕАТнын мүчө мамлекеттердин делегациялардын башчылары менен, ЕАТнын катчылыгы жана ФАТФтын катчылыгынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын салык мыйзамдарын ыктыярдуу сактоо программасынын статусу каралды ("Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы мындан ары-Программа), анда кыргыз тарап программаны практикалык имплементациялоо жана анын өлкөдө жүргүзүлүп жаткан учурдагы фискалдык реформаларды колдоого багытталгандыгы жөнүндө түшүндүрмөлөрдү берди. Натыйжада, ЕАТнын мүчө мамлекеттер программа террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү улуттук жана эл аралык талаптарды аткарууга тоскоолдук кылбайт деп макулдашты жана анын өлкөнүн экономикасына ак ниет капиталды тартууга багытталгандыгын белгилешти. Кыргыз Республикасы программаны имплементациялоо маселелери боюнча катчылык жана кызыкдар мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнү улантат жана ЕАТнын 40-пленардык отурумунун алкагында анын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө отчет берет.

ЕАТнын пленардык отуруму 2023-жылдын 4-5-сентябрында Ысык-Көлдүн аймагында өткөн КА/ТКК боюнча Евразиялык топтун 3-форумунун жыйынтыктарына оң баа берди.

ЕАТнын 40-пленардык отуруму 2024-жылдын май-июнь айларында Кыргыз Республикасында өтөт.