Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Виртуалдык активдер (ВАКК) кызматтарынын көрсөтүүчүлөр секторун көзөмөлдөө боюнча тегерек стол

15-11-2023

2023 -жылдын 9-10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин (БУУ БКБ) колдоосу менен виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөр (ВАКК) секторун көзөмөлдөө боюнча тегерек стол өткөрдү.

Жолугушууга криптовалюталар тармагындагы эл аралык эксперттер, ФЧМКнын жетекчилиги жана кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын, ВАККнын өкүлдөрү, ошондой эле БУУ БКБнын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуунун ачылышында ФЧМКнын төрагасынын орун басары Чынгыз Кененбаев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы Артем Романов жана БУУБКБнин башчысы Андрей Селезнев сөз сүйлөштү.

Тегерек столдун негизги максаты-ВАКК секторунда көзөмөлдөө, жөнгө салуу жана МТ-чечимдери маселелери боюнча ар тараптуу түшүнүүнү жана билим алмашууну камсыз кылуу. Бул платформа натыйжалуу ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн кызматташууга түрткү берип, негизги кызыкдар тараптардын ортосундагы маек жүргүзүүгө көмөктөшөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө ВАККнын ишмердүүлүгүндө пайда болуучу көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр, натыйжалуу көзөмөлдөөнүн, ишенимдүү жөнгө салуунун жана инновациялык МТ-чечимдеринин стратегиялары, ошондой эле криптовалюталардын мониторинги жана секторду баалоо чөйрөсүндөгү ченемдик талаптарды аткаруудагы кыйынчылыктар изилденди, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тобокелдиктерин аныктоо максатында кызматташуу маселелери каралды.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар жыйынтыктар өлкөдөгү ВАКК секторун мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн катализатор болорун белгилешти.

Аталган тегерек стол Россия Федерациясы тарабынан каржыланган "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча көзөмөлдөө ишмердиги чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын дараметин бекемдөө" долбоорунун алкагында өткөрүлдү.