Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жаңы жетекчи дайындалып, мурдагы төрага Анарбаев Гуламжан Сатбалдиевичти узатуу иш-чарасы болуп өттү

12-02-2021

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ФЧМК) жыйындар залында Анарбаев Гуламжан Сатбалдиевич өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгына байланыштуу ФЧМКга жаңы жетекчи дайындалып, мурдагы төрага Анарбаев Гуламжан Сатбалдиевичти узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага жаңы дайындалган төрага Тургунбеков Канатбек Тургунбекович баштаган ФЧМКнын жамааты катышышты.

Төрага Канатбек Тургунбеков Г.Анарбаевге ыраазчылыгын айтып төмөнкүлөргө токтолду: «Баарыбызга белгилүү, Сиз үчүн аткарылган иштин сапаты дайыма биринчи кезекте болуп келген. Сиз, тажрыйбалуу инсан катары өсүп келе жаткан муун үчүн акылдуу насаатчы катары көрүнүктүү мисал боло алдыңыз. Сиздин көп жылдык тажрыйбаңыз алдыда дагы да мындан башка чоң кызматтарга жумшаларына күмөнүм жок.»деп, жылуу каалоо-тилектерин жолдоду.

Өз кезегинде Г. Анарбаев, ФЧМКда иштеген кезиндеги баардык жетишкендиктерге токтолуп, бул ийгиликтер ФЧМКнын жалпы жааматынын эмгеги экенин белгилеп,ыраазычылыгын билдирди жана жаңы дайындалган жетекчи К. Тургунбековду кызмат орду менен куттуктап, алдыдагы иштеринде ийгиликтерди каалады.