Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери квалификацияларын жогорулатышты.

01-04-2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери квалификацияларын жогорулатышты.

2019-жылдын 23-29 - мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине атайын I2 Analyst Notebook жана I2 IBase камсыздоо программасы боюнча окуу курсу өткөрүлдү.

Окуу курсу БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн 2015-2019-жылдарга атайын программасынын алкагында өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев “БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы кеңсесине ыраазычылыгын билдирип, окутуунун алкагында алынган тажрыйбаларын адистер ар кандай учурларды башкарууну, оперативдик талдоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүүдө эффективдүү колдонорун” айтты. Ошондой эле, 2019-жылды Президентибиз “Региондордуу өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялады, өлкөнү санаритештирүүдө дал ушундай атайын программалардын өзгөчөлүгүн айтып, мындан ары да ушул сыяктуу окуу курстарын өткөрүп туруусуна кызыктар экенин баса белгиледи.

Окуунун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине сертификаттар ыйгарылды.