Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо – Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу иш-чара

11-02-2019

Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо – Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу иш-чара

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары – ФЧМК) Кыргыз Республикасында болгон террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо үчүн иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти баштады (мындан ары – тобокелдиктерди улуттук баалоо).

Бул иш 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомун аткаруу максатында өткөрүлүүдө.

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын системасын өз ара баалоонун жыйынтыктары боюнча Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ Кыргыз Республикасына төмөнкү артыкчылыктуу чараларды көрүүнү сунуштагандыгын белгилей кетүүбүз абзел:

1) практикада колдонулган акчаларды адалдоонун жана терроризмди каржылоонун ыкмаларына жана методдоруна көңүл буруу менен, бардык кызыкдар тараптардын толук катышуусунда, улуттук деңгээлде тобокелдиктерге кылдат жана терең баалоо жүргүзүүгө киришүүнү;

2) акчаларды адалдоонун жана терроризмди каржылоонун аныкталган тобокелдиктеринин негизинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тармагында улуттук стратегияны, артыкчылыктарды иштеп чыгууну жана тобокелдикке багытталган көзөмөлдү киргизүүнү.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков, үстүбүздөгү жылдын 18-январында ФЧМКнын төрагасы Г.С. Анарбаев менен болгон жолугушуусунда өз ара баалоонун жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштерди күчөтүү керектигин баса белгилеген.

Ушуга байланыштуу ФЧМК Европа биримдигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында тобокелдиктерди улуттук баалоо жана улуттук стратегияны иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүп бир пикирге келишти. Бул иш Баңгизаттарга жана уюшулган кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелери боюнча Европа биримдигинин долбоорунун техникалык колдоосу менен жүргүзүлдү.

2019-жылдын 4-февралынан 8-февралына чейинки мезгилде ФЧМКда Кыргыз Республикасынын 21 мамлекеттик органынын (укук коргоочу, контролдоочу жана башка органдардын) өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйындар өткөрүлдү. Жыйындардын жүрүшүндө тобокелдиктерди улуттук баалоону жүргүзүү жана ушул маселелер боюнча эл аралык стандарттарды жана эң мыкты практикаларды эске алуу менен улуттук стратегияны иштеп чыгуу маселелери каралды жана талкууланды.

ФЧМКда презентациясы менен чыгып сүйлөгөн жана тобокелдиктерди улуттук баалоону жүргүзүү жана улуттук стратегияны иштеп чыгуу боюнча негизги кадамдарды белгилеген эл аралык эксперт Тодор Коларовду (Болгария) чакыруу жөнүндө Европа биримдигинин долбоорунун регионалдык координаторунун демилгесин колдоду.

Ведомстволор аралык жыйындардын аягында чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардынметодологияларын окуп үйрөнүү, ошондой эле тобокелдиктерди баалоону жүргүзүүнүн улуттук методологиясын иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жыйындардын жүрүшүндө ФЧМКнын жетекчилиги жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү жана тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүүнүн жана улуттук стратегияны иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Г.С. Анарбаев - ФЧМКнын төрагасы:

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун күчөтүлгөн мониторингинде турат, ошондуктан тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүү жана улуттук стратегияны иштеп чыгуу маселелери Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу жана артыкчылыктуу болуп эсептелет.

Акыркы жылдары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө тобокелдикке багытталган мамиленин негизинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн улуттук системаларын бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Тобокелдиктерди улуттук баалоо террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү системасындагы негизги кемчиликтерди, ушул системаны андан ары жакшыртуу үчүн артыкчылыктарды аныктоого жана бар болгон адам жана финансы ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

Муну менен бирге, көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасы да тобокелдиктерди улуттук баалоону жүргүзүүнүн методологиясын тандоодо же иштеп чыгууда кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүү милдети оңой эмес, тобокелдиктерди баалоо үчүн маанилүү жана керектүү маалыматтарды алууга мүмкүндүк берген маалыматтарды топтоо жана талдоо боюнча системалуу мамилени иштеп чыгуу аркылуу көптөгөн кыйынчылыктарды жеңүүгө болот.

Ушуга байланыштуу, ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында алдыңкы эл аралык практикаларды жана бардык кызыкдар жактардын ойлорун эске алуу менен биринчи кезекте тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүүнүн улуттук методологиясын иштеп чыгуу жана бекитүү керек.».

Ч.Т. Кененбаев - ФЧМКнын статс-катчысы:


«2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте тобокелдикке багытталган ыкманы колдонору каралган.

Жогоруда аталган Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ушул субъекттерге финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, текшерүүчү органдар, финансылык чалгындоо органы жана укук коргоо органдары кирет.

Ушуга байланыштуу, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин талаптагыдай аныктоо жана түшүнүү, субъекттерге аныкталган тобокелдиктерге жараша террористтик ишти какржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу чараларын көрүүгө мүмкүндүк берет.

Тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжасында коркунучтар жана аярлуулуктар, ошондой эле террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) типологиялары (типтүү схемалары), Кыргыз Республикасынын финансылык коопсуздугуна жана туруктуулугуна таасирин тийгизүүчү кылмыштуу активдердин жана башка факторлордун көлөмдөрү аныкталат.

Ушуга байланыштуу тобокелдиктерди улуттук баалоо бизнес-коомчулуктун жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жүргүзүлөт.

Тобокелдиктерди улуттук баалоонун жыйынтыктары боюнча тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу үчүн негизги багыт берүүчү документ болгон террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-аракеттер планы (стратегия) даярдалат.».

К.Т. Белегенов - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору:

«Кыргыз Республикасы Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун мүчө мамлекети болуп саналат жана ФАТФтын 40 сунуштамасында каралган эл аралык стандарттарды сактоого тийиш.

ФАТФтын 1-сунуштамасына ылайык - өлкөлөр туруктуу негизде акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерине баалоо жүргүзүп туруулары зарыл, себеби бул баалоо акчаларды адалдоонун жана терроризмди каржылоонун көбүрөк колдонулган ыкмаларын аныктоого, акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча улуттук системадагы начар жерлерди белгилөөгө мүмкүндүк берет, ошондой эле аныкталган тобокелдиктерди азайтуу үчүн конкреттүү чараларды иштеп чыгууга жана ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

Ушуга байланыштуу тобокелдиктерге улуттук баалоону жүргүзүү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары үчүн өтө актуалдуу жана пайдалуу.».

Б.К. Акказиев - Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун илимий кызматкери:

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн улуттук системасы улуттук коопсуздукту бекемдөөгө жана финансы секторунун туруктуулугун камсыз кылууга жардам берет.

Ушуга байланыштуу мамлекетте террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) учурларынын пайда болуусу менен шартталган факторлорду терең түшүнө билүү керек.

Ошентип, тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүү өзгөчө көңүл буруу керек болгон укукка каршы финансылык иштин негизги багыттарын табууга, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча улуттук системанын начар жерлерин аныктоого мүмкүндүк берет.».

Т.Коларов – эл аралык эксперт:


«Жыйындардын жүрүшүндө биз тобокелдиктерди улуттук баалоо эмне экендигин, аны кантип жүргүзүү керек экендигин, кайсы эң негизги учурларга көңүл буруу керек экендигин ачыктадык. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун жыйынтыктары жакшы уюштуруудан жана күчөтүлгөн иштен көз каранды. ФАТФтын сунуштамаларына ылайык тобокелдиктерди талдоодо статистикалык көрсөткүчтөргө жана эксперттердин пикирлерине негизделген сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдү колдонуу керек.

Бүгүнкү күндө тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүү боюнча универсалдуу методология жок. Улуттук деңгээлде тобокелдиктерди баалоо жөнүндө ФАТФтын багыт берүүчү документтери бар. Муну менен бирге, ФАТФ ар бир өлкө өзүнүн методологиясын өзү иштеп чыгуусун сунуштайт.».

Жыйынтыгында ведомстволор аралык жыйын «Аракет - ЕБ: Баңгизаттарга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелери боюнча ЕБнын чаралары» долбоорунун көмөк көрсөтүүсү менен уюштурулгандыгын жана өткөрүлгөндүгүн белгилей кетүүбүз абзел.

Долбоордун регионалдык координатору Хосе Мате ушул долбоордун алкагында тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүүдө жана улуттук стратегияны иштеп чыгууда эксперттик колдоо көрсөтүү пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.