Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Баардык жеке жана юридикалык жактарга

09-01-2019

Малиге тийиштүү 2374 (2017) резолюциясы менен түзүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитети 2018-жылдын 20-декабрында 2374 (2017) БУУ ККнын резолюциясынын 1 жана 3-пунктунда баяндалган жана 2432 (2018) БУУ ККнын резолюциясынын 1-пунктунда жаңыланган жана БУУнун Уставынын VII главасына ылайык кабыл алынган барып-келүүгө тыюу салынууга жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесине төмөнкү жеке жактарды киргизди:

- MLi.001 Name: 1: Ahmoudou 2: Ag 3: Asriw 4: na DOB: 01 Jan.1982

- MLi.002 Name: 1: Mahamadou 2: Ag 3: Rhissa 4: na

- MLi.003 Name: 1: Mohamed 2: Ousmane 3: Ag 4: Mohamedoune DOB: 16 Apr.1972 POB: Mali

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар дароо:

1) өздөрүнүн маалымат базаларын жогоруда аталган тизме менен жаңылантуулары (2019-жылдын 9-январындагы абал боюнча);

2) тейленип жаткан бардык кардарларын жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) БУУ ККнын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.