Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

13-12-2018

1. 1518 (2003) резолюциясы менен түзүлгөн БУУ ККнын Комитети 2018-жылдын 28-августунда санкциялык чараларды көрүүгө жаткан жактардын жана уюмдардын тизмегинен идентификациялык коду IQe.074. MAISAN SUGAR STATE ENTERPRISE. болгон уюмду чыгарды.

2. Ливия боюнча 1970 (2011) резолюциясы менен түзүлгөн БУУ ККнын Комитети 2018-жылдын 16-ноябрында активдерин тоңдурууга, барып-келүүгө тыюу салынууга жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесине төмөнкү жакты киргизди:

LYi.28 Аты: 1: Salah 2: Badi

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар дароо:

1) өздөрүнүн маалымат базаларын жогоруда аталган Тизмек менен жаңылантуулары (2018-жылдын 13-декабрындагы абал боюнча);

2) тейленип жаткан баардык кардарларын жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) БУУ ККнын Жыйынды санкциялык тизмегинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.