Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кененбаев Чынгыз Токтобекович ФЧМКнын статс-катчысы болуп дайындалды

30-10-2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абылгазиевдин 2018-жылдын 26-октябрындагы № 651 буйругуна ылайык Кененбаев Чынгыз Токтобекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы болуп дайындалды.

Кененбаев Ч.Т. көрсөтүлгөн кызмат ордуна ФЧМКнын төрагасынын макулдугу боюнча жана Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2018-жылдын 16-октябрындагы сунушу боюнча дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.К. Джанузаков жаңы дайындалган статс-катчыны ФЧМКнын жамаатына тааныштырды.