Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

26-10-2018

ИГИЛ (ДАИШ), Аль-Каида жана алар менен байланышкан жактар, топтор, ишканалар жана уюмдарга тийиштүү БУУ ККнын 1267 (1999), 1989 (2011) жана 2253 (2015) резолюциялары менен түзүлгөн БУУ ККнын Комитети 2018-жылдын 15-октябрында активдерин тоңдурууга, барып келүүгө тыюу салынууга жана куралдарды жеткирип берүүгө тыюу салынууга жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесине төмөнкү жеке жакты киргизди:

QDi. 419 Аты: ANJEM 2. CHOUDARY Туулган датасы: 18.01.1967, Туулган жери: Лондон, Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугу

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар дароо тейленүүдө турган бардык кардарларын, алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (болсо) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.