Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

08-10-2018

1) 1518 (2003) резолюциясы менен түзүлгөн Ирак боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитети 2018-жылдын 28-сентябрында, 2018-жылдын 1-октябрында активдерин тоңдурууга жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесинен төмөнкү юридикалык жактарды чыгарууну жактырды:

IQe.120 Аталышы: STATE ENTERPRISE FOR AUTOMOTIVE INDUSTRY Дареги: P.O. Box 138, Iskandariya-Babylon, Iraq.

IQe.168 Аталышы: STATE ORGANIZATION FOR CONSTRUCTION INDUSTRIES Дареги: P.O. Box 2101, Masbeh Square, Baghdad, Iraq.

2) ИГИЛ (ДАИШ), Аль-Каида жана алар менен байланышкан жактар, топтор, ишканалар жана уюмдарга тийиштүү 1267 (1999), 1989 (2011) жана 2253 (2015) резолюцияларын аткаруу максатында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитети 2018-жылдын 4-октябрында активдерин тоңдурууга, барып келүүгө тыюу салынууга жана куралдарды жеткирип берүүгө тыюу салынууга жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесин төмөнкү жеке жак менен толуктоону бекитти:

QDe.159 Аталышы: Jama'a Nusrat ul-Islam wa al-Muslimin (JNIM).


Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар:

1. Өздөрүнүн маалымат базаларын БУУ ККнын жаңыланган Жыйынды санкциялык тизмеги мененжаңылантуулары (2018-жылдын 8-октябрындагы абал боюнча);

2. Тейленүүдө турган бардык кардарларын, алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (болсо) БУУ ККнын Жыйынды санкциялык тизмегинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.