Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматчылары Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембиликке катышышты

17-09-2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматчылары 2018-жылдын 15-сентябрында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында «Эко Деми» коомдук фондунун өкүлдөрү менен биргеликте ишембиликке катышышты.

ФЧМКнын кызматчылары волонтерлор менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин районунун тиешелүү аймагын (Кенсуйская көчөсүн Пишпекская көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейин) таштандылардан жана куурап калган жалбырактардан тазалашты.