Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

18-08-2018

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) багытталган, системалуу жана натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн укуктук негиздерди белгилөө максатында кабыл алынган.
Мыйзамды иш-жүзүнө ашыруунун натыйжасында төмөнкү оң жыйынтыктар күтүлөт:
— террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) профилактикалоонун жана алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
— Кыргыз Республикасынын беделин жана инвестициялык рейтингин жогорулатуу, анын ичинде эң ишенимдүү, жоопкерчиликтүү жана ак ниеттүү өнөк катары финансылык мекемелердин, натыйжада аларга эл аралык финансылык рыноктордо активдүү аракеттенүүгө мүмкүндүк берүү;
— коррупциялык кылмыштарга каршы аракеттенүү үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын тышына жана да оффшордук чөлкөмдөргө мыйзамсыз же кылмыш жолу менен чыгарылып кеткен акча каражаттарын издөө жана кайтаруу үчүн кошумча механизмдерди түзүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.