Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКнын жетекчилиги менен «Баңгизаттарга жана уюшулган кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелери боюнча Европа Бирлигинин чаралары» долбоорунун Региондук координаторунун жолугушуусу болду

02-08-2018

2018-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) имаратында ФЧМКнын төрагасы Анарбаев Гуламжан Сатбалдыевич менен «Баңгизаттарга жана уюшулган кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелери боюнча Европа Бирлигинин чаралары» долбоорунун Региондук координаторунун жолугушуусу болду.

Хосе Антонио Мате Тоуза долбоордун максаттары жана милдеттери жөнүндөгү маалыматтары менен бөлүштү. Өзгөчө көңүл «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө финансылык иликтөөлөр» аттуу темадагы алдыда турган семинарга бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө үзүрлүү сүйлөшүүлөр болду жана өз ара кызыкчылыктарды туудурган кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча өзгөчө ой пикирлер айтылды. Тактап айтканда, тараптар мындан ары да өз ара аракеттенүү керек экендигин баса белгилешти.

Жолугушуунун аягында Г. Анарбаев Хосе Антонио Мате Тоузага долбоордук ишин мындан ары илгерилетүүдө ийгиликтерди каалады.