Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКнын жетекчилиги менен Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс мырзанын эки тараптуу жолугушуусу болду

02-08-2018

2018-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) имаратында ФЧМКнын төрагасы Анарбаев Гуламжан Сатбалдыевич менен Элчи, Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс мырзанын жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө үзүрлүү сүйлөшүүлөр болду жана өз ара кызыкчылыктарды туудурган кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча өзгөчө ой пикирлер айтылды. Тактап айтканда, тараптар эл аралык коопсуздукту бекемдөөнүн маанилүү аспектилери боюнча Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку деңгээлин мындан ары да колдоо керек экендигин баса белгилешти.

Ошондой эле КА/ТКК боюнча Кыргыз Республикасынын системасын өз ара баалоонун 2-раундунун жыйынтыктары каралды.

Мындан тышкары, ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү жана кадрдык потенциалды жогорулатуу жолу менен КА/ТКК чөйрөсүндө укук коргоо, көзөмөлдөө жана башка органдардын ФЧМК менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга артыкчылык берилген өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын КА/ТКК системасын өз ара баалоонун жыйынтыктарын эске алуу менен кызматташуунун жаңы перспективаларын түзүү керек экендиги белгиленди.

Өз кезегинде Пьер фон Аркс мырза ЕККУ менен ФЧМКнын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө өзгөчө кызыкдар экендигин билдирди, ошондой эле өткөрүлгөн өз ара баалоонун маанилүүлүгүн белгиледи жана 2018-2020-жылдарга техникалык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун аягында Г. Анарбаев Пьер фон Аркс мырзага дипломатиялык ишинде жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары да бекемдөөдө ийгиликтерди каалады.