Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

19-07-2018

БУУ ККнын топтомо санкциялык тизмегине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор:

1. Түштүк Судан боюнча 2206 (2015) резолюциясы менен түзүлгөн Коопсуздук Кеңешининин Комитети тарабынан 2018-жылдын 13-июлунда өзүнүн санкциялар режимин Түштүк Суданда кеңейтүү жана барып келүүгө тыюу салуу жана активдерди тоңдуруу чечими кабыл алынды. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин топтомо санкциялар тизмегинин кабыл алынган жаңыланууларын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешининин пресс-релиздерине болгон төмөнкү шилтеме боюнча кароого болот:

https://www.un.org/press/en/2018/sc13421.doc.htm

2. 1518 (2003) резолюциясы менен түзүлгөн Ирак боюнча Коопсуздук Кеңешинини Комитети тарабынан 2018-жылдын 13-июлунда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин топтомо санкциялар тизмеги жаңыланды. Комитет Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын VII главасынын негизинде кабыл алынган Коопсуздук Кеңешининин 1483 (2003) резолюциясынын 19 жана 23-пункттарында баяндалган активдерин тоңдурууга жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесинен төмөнкү жактарды алып салууну жактырды:

Уюмдар: 1. IQe.058 Аталышы: IRAQI LIFE INSURANCE COMPANY

2. IQe.088 Аталышы: УЛУТТУК КАМСЫЗДАНДЫРУУ КОМПАНИЯСЫ [Ирак].

https://www.un.org/press/en/2018/sc13423.doc.htm

3. ИГИЛ (ДАИШ), Аль-Каида жана алар менен байланышкан жактарга, топторго, ишканаларга жана уюмдарга тийиштүү 1267 (1999), 1989 (2011) жана 2253 (2015) резолюцияларын аткаруу максатында Коопсуздук Кеңештин Комитети 2018-жылдын 17-июлунда активдерин тоңдурууга, барып келүүгө тыюу салынууга жана куралдарды жеткирип берүүгө тыюу салынууга жаткан төмөнкү жактар боюнча оңдоолорду кабыл алды:

Идентификациялык коду QDi.311 болгон жеке жак. Тизмеге киргизилген: 2012-жылдын 18-октябрында (оңдоолор 2018-жыылдын 17-июлунда киргизилди).

Идентификациялык коду QDe.133 болгон уюм. Тизмеге киргизилген: 2012-жылдын12-мартында (оңдоолор 2018-жылдын 17-июлунда киргизилди).

https://www.un.org/press/en/2018/sc13427.doc.htm