Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

05-07-2018

ИГИЛ (ДАИШ), Аль-Каида жана алар менен байланышкан жактарга, топторго, ишканаларга жана уюмдарга тийиштүү 1267 (1999), 1989 (2011) жана 2253 (2015) резолюциялары менен түзүлгөн БУУ ККнын Комитети тарабынан 2018-жылдын 18-июнунда активдерин бир калыпта кармоого, барып-келүүгө тыюу салынууга жана куралды ташып келүүгө тыюу салынууга жаткан жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине 2 жеке жак киргизилди (ИГИЛ (ДАИШ), Аль-Каиданын активдүү жактоочулары).

ИГИЛ (ДАИШ), Аль-Каидага тийиштүү БУУ ККнын Комитетинин тизмесине киргизилген жактардын идентификациялык коддору:QDi.413; QDi.414.