Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

27-06-2018

Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүндө Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинин жаңыланган редакциясы жайгаштырылды (2018-жылдын 27-июнундагы абал боюнча).

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо:

1) Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүнөн Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинин жаңыланган редакциясын жүктөп алуулары;

2) өздөрүнүн маалыматтар базасын жогоруда аталган Тизмек мененжаңылантуулары (2018-жылдын 27 - июнундагы абал боюнча);

3) тейленип жаткан бардык кардарларынжана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.