Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

11-06-2018

Эл аралык тизмеге киргизилген өзгөртүүлөр:

1) 1718 (2006) резолюциясы менен түзүлгөн БУУ КК Комитети 2018-жылдын 23-майында идентификациялык коду - KPe.074 болгон уюмга карата төмөнкүдөй өзгөртүү киргизди.

Тизмеге датаны киргизүү бөлүгүндө, кашаанын ичинде, 2018-жылдын 23-майында өзгөртүү киргизилгендиги көрсөтүлдү. Ошондой эле төмөнкү сөздөр алынып салынды: "and instead went to Port Klang, Malasia, on 18 December 2017".

2) ИГИЛ (ДАИШ), Аль-Каида жана алар менен байланышкан жактар, топтор, ишканалар жана уюмдар боюнча 1267 (1999), 1989 (2011) жана 2253 (2015) резолюциялары менен түзүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитетинин чечими менен 2018-жылдын 29-майында Активдерин бир калыпта кармоого, барып-келүүгө тыюу салынууга жана куралга эмбарго салынууга жаткан жактардын тизмесине QDi.155 идентификациялык коду бар жеке жакка карата төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилди.

"Тизмеге киргизилди" (Listed on) пункту "2018-жылдын 29-майында" деген сөздөр менен толукталды.