Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

22-05-2018

ИГИЛ (ДАИШ), Аль-Каида жана алар менен байланышкан жактар, топтор, ишканалар жана уюмдар боюнча 1267 (1999), 1989 (2011) жана 2253 (2015) резолюциялары менен түзүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитети 2018-жылдын 9-майында Активдерин бир калыпта кармоого, барып-келүүгө тыюу салынууга жана куралга эмбарго салынууга жаткан жактардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди, төмөнкү жактар боюнча:

1. QDi.247 идентификациялык коддуу жеке жак боюнча "other information" пунктунда "Khadafi Abubakar Janjalani" деген сөздөрдөн кийин "(deceased)" - "өлдү деп таанылды" деген сөздөр кошулду.

2. QDi.291 идентификациялык коддуу жеке жак боюнча, "other information" пунктунда "Nasir 'abd-al-Karim 'Abdullah Al-Wahishi" деген сөздөрдөн кийин "(deceased)" - "өлдү деп таанылды" деген сөздөр кошулду.

3. QDe.071 идентификациялык коддуу уюм боюнча, "other information" пунктунда төмөнкү сөздөр алынынып салынды "Employees and associates include Najib Ben Mohamad Ben Salem Al-Waz (listed under permanent reference number QDi.104)".

4. QDe.128 идентификациялык коддуу уюм боюнча, "other information" пунктунда "Khadafi Abubakar Janjalani" деген сөздөрдөн кийин "(deceased)" - "өлдү деп таанылды" деген сөздөр кошулду.