Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматчылары ишембиликтерди өткөрүштү

04-04-2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-февралындагы № 35-б буйругун аткаруу максатында ФЧМКда 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин үч айлыкты өткөрүү боюнча ФЧМКнын иш-чаралар планы иштелип чыкты жана бекитилди. Жогоруда аталган Планга ылайык 24 жана 31-мартта ФЧМКнын кызматчылары ФЧМКнын аймагында ишембиликтерди өткөрүштү.

Ишембиликтерде ФЧМКнын аймагы жана ага жанаша жайгашкан аймактар шилендилерден жана жалбырактардан тазаланды, көчөлөрдү түнкүсүн жарыктандыруу жүргүзүлдү (2 энергия үнөмдөөчү жарык кылуучу лампа тагылды), коллектордук-дренаж тарамын тазалоо жана дарактарды санитардык кесүү боюнча (20 п.м.), ошондой эле жашылдандыруу жана дарактарды (15) актоо боюнча иштер жана башка иштер жүргүзүлдү.