Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

2017-жылга коррупцияга каршы пландарды мониторингдөө

03-02-2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2016-жылга коррупцияга каршы ишинин маселелери жана 2017-жылга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы ведомствонун тийиштүү комиссиясы тарабынан кирип келген жылдагы биринчи жыйындын жүрүшүндө каралды жана талкууланды.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин Ж.Разаковдун 2017-жылдын 24-январындагы тапшырмасына ылайык, мамлекеттик органдарга коомдук кеңештин өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана жарандык коомдун институттарын тартуу менен 2017-жылга коррупцияга каршы пландарын 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясына ылайык келүүсүнө мониторинг жүргүзүү тапшырылган. Ушул маселе ФЧМКнын коррупцияга каршы ишинин жыйынынын катышуучуларынын талкуулоо процессиндеги баштапкы маселеси болду.

Комиссиянын жыйынынын ишине төмөнкү адамдар катышты:

Б.А. Садыков – Статс-катчы;

М.М. Мукамбеков – коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу;

А.А. Сарыбаев – Директорлор кеңешинин мүчөсү, «Толубай» АКБ ЖАК аудити боюнча комитеттин мүчөсү, ФЧМКнын Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары;

Б.Ж. Качикеева – «Жарандык катышуу» коомдук фондунун өкүлү.