Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

​ЕАТтын 25-Пленардык жыйынынын жыйынтыктары жөнүндө

16-11-2016

ЕАТтын 25-Пленардык жыйынынын жыйынтыктары жөнүндө

2016-жылдын 7-ноябрынан 11-ноябрына чейин Нью-Дели шаарында (Индия Республикасы) Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАТ) 25-Пленардык жыйыны жана жумушчу топторунун жыйындары болуп өттү.

А. ЕАТтын Пленардык жыйыны тууралуу жалпы маалымат

2016-жылдын 7-ноябрынан 11-ноябрына чейин Нью-Дели шаарында (Индия Республикасы) Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАТ) 25-Пленардык жыйыны жана жумушчу топторунун жыйындары болуп өттү.

Иш-чарага ЕАТка мүчө мамлекеттердин делегациялары катышты: Беларусь, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Росия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан, ошондой эле ЕАТта байкоочу мамлекеттердин жана уюмдардын өкүлдөрү: Армения, Иран, Италия, Корея, Польша, АКШ, Түркия, Франция, Черногория, ФАТФ, КМШнын Терроризмге каршы борбору (КМШ ТКБ), Евразиялык өнүгүү банкы (ЕАӨБ), Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК), Дүйнөлүк банк (ДБ), Эл аралык валюталык фонд (ЭВФ), Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУнун башкармалыгы (БУУ БКБ), Шанхай кызматташтык уюму (Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык терроризмге каршы түзүмү көрсөтүлдү (ШКУ РТКТ)).

Жыйындын ишин ЕАТтын төрагасы Юрий Чиханчин (Россия Федерациясы) жетектеди.

ЕАТтын Пленардык жыйынын куттукттоо сөзү менен Индия Республикасынын Финансы министрлигинин экономикалык маселелер боюнча департаментинин катчысы Шактиканта Дас мырза ачты.

В. Пленардык жыйындын эң маанилүү маселелери

Пленардык жыйын ЕАТтын төрагасынын орун басары кылып Кененбаев Чынгыз Токтобековичти (Кыргыз Республикасы) 2017-жылдын ноябрына чейин шайлады.

Пленардык жыйын ИГИЛдин ишмердүүлүгү менен байланышкан маселелерди карады жана мүчө мамлекеттерди ИГИЛ террористтик уюмун каржылоого каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди күчөтүүгө, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларын тезирээк имплементациялоого чакырды.

Пленардык жыйындын чечими менен Беларусь Республикасы ЕАТтын мониторингдөө жол-жобосунан жана ошондой эле ТК боюнча ФАТФтын суроолор тизмеги боюнча ЕАТтын мониторингдөө жол-жобосунан да алынып салынды.

Пленардык жыйын типологиялык отчетторду: «Коррупциялык кылмыштарды жасоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо типологиялары», «Насыя уюмдардан активдерди бейукук чыгарып кетүүнүн типологиялары», изилдөөнүн жыйынтыгын: «Жасалма зерчиликтин терроризмди каржылоо менен байланышы», жактарды Террористтердин жана экстремисттердин тизмесине киргизүү жана андан чыгаруу, ошондой эле аталган жактардын активдерин бир калыпта кармоо (блокировкалоо) механизмдери боюнча методологиялык сунуштамаларды бекитти.

Пленардык жыйын ЕАТтын жумушчу топторунун ишмердигин оптимизациялады жана төмөнкүлөрдү бекитти: Өз ара баалоо жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун (БУЖТ), Типологиялар жана терроризмди жана кылмыштуулукту каржылоого каршы аракеттенүү боюнча жумушчу топтун (ТЖКЖТ) мандаттарын, Иш-аракеттер планын жана ТЖКЖТнын тең төрагаларына талапкерлерди, ошондой эле 2017-жылга ЕАТтын ишинин планын жана иш-чараларынын графигин.

Жыйындын катышуучулары тарабынан 2016-жылга болгон ЕАТ Катчылыгынын иши жөнүндөгү отчету жактырылды.

С. ЕАТтын ишмердүүлүгүнүн преспективалуу багыттары

Пленардык жыйын өз ара баалоонун 2-раундуна даярдык көрүү жана акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого, ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү багытында эл аралык стандарттарды жайылтуунун эң мыкты тажрыйбалары боюнча обзордук семинарларды өткөрүү боюнча иштерди улантат.

D. ЕАТтын эл аралык жана регионалдык өнөктөш уюмдары менен өз ара аракеттенүү

Эл аралык жана регионалдык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн алкагында ЕАТ менен КМШнын Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин ортосунда кызматташуу тууралуу протоколго кол коюлган.

Е. ЕАТка мүчө мамлекеттерде КА/ТКК чөйрөсүндөгү кырдаалдар

Беларусь Республикасы

Пленардык жыйын Беларусь Республикасынын жетекчилигинин саясий эркин жана рейтинги «Маанилүү шайкештик» деңгээлинде бааланууга мүмкүн болгон III атайын сунуштама боюнча бар болгон кемчиликтерди жоюу боюнча жетишкен маанилүү прогресстерди белгилейт.

Аны менен бирге V атайын сунуштама (Эл аралык кызматташуу) боюнча прогрессти анализдөө, ал боюнча жетишкендик тууралуу тыянакты «Маанилүү шайкештик» деңгээлинен төмөн кылып чыгарууга мүмкүндүк бербейт.

Базалык жана негизги сунуштамалар боюнча кемчиликтерди жоюу боюнча жетишилген прогресстерге байланыштуу, ошондой эле көптөгөн башка сунуштамалар боюнча прогресстерди эске алуу менен Пленардык жыйын аркылуу Беларусь Республикасын ЕАТтын мониторингдөө жол-жобосунан алып салуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Россия Федерациясы

Биринчи үч жылдык отчеттун алкагында Россия Федерациясы биринчи кезекте 2012-жылдагы ФАТФтын жаңы эл аралык стандарттарына шайкеш келүү деңгээлин жогорулатууга багытталган, 2013-жылдын октябрында мамлекеттин ФАТФ/ЕАТ мониторингдөө жол-жобосунан чыккан убагынан тартып Россиянын КА/ТКК системасын жакшыртуу максатында көрүлгөн мыйзам чаралары боюнча презентация көрсөттү, ошондой эле ушул ченемдерди колдонуунун натыйжалуулугун көрсөткөн КА/ТКК багытындагы конкреттүү иштердин иш жүзүндөгү мисалдарын көрсөттү.

Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан натыйжалуулук маселелерин баса белгилеген, алар тарабынан адалдоого каршы системаларын жакшыртуу боюнча көрүлгөн аракеттерди так көрсөткөн, КА/ТКК чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардагы жана тобокелдиктерге улуттук баалоону жүргүзүүдөгү өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды беришти.

Салык мыйзамдарын ыктыярдуу сактоо программасы (СМЫК)

Пленардык жыйын Казакстандагы салык мыйзамдарын ыктыярдуу сактоо программасын ишке ашырунун жүрүшү жөнүндө кошумча маалыматты укту. ЕАТ Катчылыгы тарабынын мурдатан жүргүзүлгөн анализ салык мыйзамдарын ыктыярдуу сактоо программасын ишке ашырууда төрт ФАТФтын негизги принциптеринин бузулгандыгын таба алган жок.

ЕАТ Катчылыгы Казакстандагы кырдаалга көз салуусун жана бардык берилген кошумча маалыматты СМЫК программасынын аягына чыкканга чейин 2016-жылдын декабрына чейин анализдөөнү улантат.

F. Башка

Пленардык жумалыктын иш-чараларынын алкагында ФАТФ/ФТЖТ/ЭВФ өз ара баалоолору жөнүндөгү биринчи отчетторуна сереп салуу боюнча «Жайылган кемчиликтер жана эң мыкты тажрыйбалар» аттуу семинар болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө ФАТФ, БУУ БКБ жана ЕАТтын экспертери ушул чөйрөдөгү өздөрүнүн иш тажрыйбаларын көрсөтүштү.

Пленардык жыйын Индия Республикасынын жетекчилигине меймандостугу жана ЕАТтын 25-Пленардык жыйынын жана жумушчу топторунун жыйындарын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

ЕАТтын 26-Пленардык жыйыны 2017-жылдын майында Бишкекте, Кыргыз Республикасында болмокчу.