Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Финансылык Чалгындоо Мамлекеттик Кызматы

“Министр байланышта” программасынын алкагында ФЧМКнын төрагасынын маеги

15-12-2014

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук тутуму (ККЛ/ТКК УТ) өзүнүн калыптануу жана өнүгүү процессинде “боз” жолун ийгиликтүү басып өттү.

2014-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (КРӨ ФЧМК) делегациясы Франциянын Париж шаарында болуп өткөн ФАТФтын кезектеги Пленардык жыйынынын ишине катышты. Бул жыйында Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККЛ/ТКК) жаатындагы прогресси тууралуу Отчету берилди. Пленардык жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасын ФАТФнын “боз тизмесинен” чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул ФЧМКнын 2014-жылдагы иштеринин эң маанилүү жыйынтыктарынын бири.

ФЧМКнын төрагасы Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич финансылык чалгындоо кызматынын ишмердигинин айрым бир өңүттөрүнө тийиштүү жана узап бара жаткан жылдагы ККЛ/ТКК улуттук тутумунун иштөөсү тууралуу суроолорго жооп берди.

Мэлис Тулиндыевич, ФАТФтын “боз тизмегинен” чыгуу бул узап бара жаткан жылдагы ФЧМКнын ишинин негизги жыйынтыгы бы?

Ооба, бул чынында эле ФЧМКнын иштеринин эң маанилүү жыйынтыктарынын бири, жана узап бара жаткан жылдын гана эмес, акыркы бир нече жылдардагы биздин иштерибиздин натыйжасы десек болот. Албетте, бүгүн биз Пленардык жыйын Кыргыз Республикасынын (ККЛ/ТКК) жаатындагы прогресси тууралуу Отчетун кабыл алганын жана биздин ФАТФтын “боз тизмеси” деп аталуучусунан чыгуу тууралуу арызыбызды колдогондугу жөнүндөгү ФАТФтын бул чечими тууралуу канааттануу менен айта алабыз. Бирок биз бул жөнүндө, үстүбүздөгү жылда биздин ишибиздин жалгыз гана оң жыйынтыгы катары айтууга акыбыз жок.

Биринчиден, бул ФЧМКнын ишмердиги тууралуу толук эмес маалымат болуп калмак, себеби, мындайча айтканда, биздин Кызмат күнүмдүк иштеринде өзүнүн жетишкендиктеринде чыныгы жана маанилүү жыйынтыктарга ээ болгондугунда. Бардык маалыматтарды биздин сайттын (sfr.kg), “Отчеттор” бөлүмүнөн таба аласыздар, ал эми жылдын жыйынтыгын, салт боюнча, кийинки 2015-жылдын башында чыгарабыз.

Экинчиден, кеп азыркы учурда ФЧМКнын “боз тизмектен” чыгуусу тууралуу болбостон, кеп Кыргыз Республикасынын кылмыштуу кирешелерди адалдоо менен күрөшүүдөгү жетишкен прогресси тууралуу болууда. ФАТФтын чечими эл аралык бирикмелердин даяр экендигин жана финансы жаатындагы кылмыштарга укуктук бөгөт коюу, улуттук финансылык жана банктык тутумду аларды укукка каршы колдонуудагы бардык аракеттерден чектөөчү Кыргызстандын эң олуттуу ниеттерин таанып билүүсүн билдирет. Максаттар тууралуу айтууда, мен, (ККЛ/ТКК) жаатындагы мекендик мыйзамдарыбызды жакшыртуу жагына карай улуттук укуктук тутумдун келечектеги кадамдарын айтып жатам, бирок ошол эле учурда биздин жасалган иштерибиздин маанилүүлүгүн эч кичирейтпестен.

Үчүнчүдөн, ЕАТтын ноябрдагы Пленардык жыйынында берилген Кыргыз Республикасынын прогресси тууралуу Отчету да оң кабыл алынды, башкача айтканда Кыргызстан кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун күчөтүлгөн мониторингдөө режиминен алынып салынды. Бул да болсо ФЧМКнын ишинин жана бардык (ККЛ/ТКК) улуттук тутумунун өтө маанилүү жыйынтыгы.

Ушул жыйынтыктардын аркасында кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшүүгө, терроризмдин жана экстремизмдин түздөн-түз өзү менен күрөшүүгө, коррупцияга каршы аракеттенүүгө жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө ж. б. тиешеси бар бардык министрликтердин жана ведомстволордун көлөмдүү жана маанилүү иштери жаткандыгы түшүнүктүү. Бул жыйынтыктардын аркасында парламенттин мыйзам жаратуучу ишмердиги, өлкөнүн жетекчилигинин саясий эрки жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечкиндүү кадамдары турат.

“Боз тизме” өзү эмнени билдирет жана ага киргизилген өлкөлөр үчүн эмнени түшүндүрөт?

Кыскача айтсак, ФАТФтын “Боз тизмеси” – бул ККЛ/ТКК улуттук тутумунун абалынын өзүнчө бир индикатору, аны өнүктүрүү процессиндеги проблемалардын болушу. Бул, мыйзамдар базасында эл аралык укуктук механизмдер биринчи кезекте, ФАТФтын Сунуштамаларынын жол-жоболору жетишерлиик толук имплементацияланбаган өлкөнү мониторингдөө режиминин белгилүү бир деңгээли.

Кыргыз Республикасын бул тизмекке киргизүүнүн себеби 2007-жылдын февралында өткөн ЕАТтын өз ара баалоо Миссиясынын жыйынтыктары болду. Өз ара баалоо миссиясынын сын-пикирлер жана сунуштар реестри жетишээрлик узун жана маанилүү болуп чыкты. Бирок, ККЛ/ТКК улуттук тутуму жана ыйгарым укуктуу орган болуп турган Финансылык чалгындоо кызматы 2007-жылдын февраль айында жаңыдан гана түзүлгөн, ал эми укуктук база болсо иштелип чыгуу процессинде болчу. Ошондуктан, “боз тизмек” биз үчүн эч бир жаза катары болгон жок а тескерисинче, бул биз үчүн “чоң мектеп” болду деп билүүбүз керек. ФАТФтын Пленардык жыйыны 2011-жылдын октябрында Кыргызстанды күчөтүлгөн мониторингдөө режимине киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул бизге ЕАТ, ФАТФ жана башка эл аралык уюмдар тарабынан маанилүү кеңеш берип, колдоо алууга мүмкүнчүлүк берди. Мен, бардык бул процесс бизге эң жакшы болду деп эсептейм.

Ошондой болсо да, өлкө дайым эле күчөтүлгөн мониторингдөө режиминде калбашы керектигине макул болсоңуз, анткен себеби мындай абал ишеничтүү жана татыктуу финансылык шерик катары эл аралык имиджине шек келтирбей койбойт. Ошондуктан биз ФАТФ тарабынан сунушталган иш-аракеттердин планын аткаруу үчүн абдан маанилүү чараларды көрдүк. 2014-жылдын январында Париж шаарында ФАТФтын регионалдык жумушчу тобунун Европа-Евразия эл аралык кызматташтык сереби боюнча жыйын болуп өттү (ERRG). Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын прогресси тууралуу отчет каралды. Бир ай өтүп-өтпөй, 2014-жылдын февралында ошол эле жерде Францияда жумушчу топтун жыйыны жана ФАТФтын Пленардык жыйыны болду. ICRG жумушчу тобунун алкагында ФАТФтын иш-аракеттер планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын прогресси тууралуу отчету, ошондой эле ФАТФтын “боз тизмегинен” чыгуу тууралуу Кыргыз Республикасынын арызы каралган. ФАТФтын Пленардык жыйынынын жыйынтыгы боюнча, эл аралык кызматташтык сереби боюнча регионалдык топ Кыргыз Республикасынын ФАТФтын “боз тизмегинен” чыгуу тууралуу арызын колдоду жана ФАТФ миссиясынын Кыргыз Республикасына болгон чыгып көрүү сапарын өткөрүүнү жактырды.

2014-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасында ФАТФ иш-аракеттер планы тарабынан каралган иш-чараларды Кыргыз Республикасынын ишке ашыруу процессин талкуулоо максатында болгон ФАТФтын баалоочу миссиясы болуп өттү. Бул миссиянын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.М. Маматалиев менен жолугушуу болду. Мындан тышкары, КР укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрү менен, жана ошондой эле жеке секторлордун да өкүлдөрү менен жолугушуулар болду.

Акырында, 2014-жылдын июнунда болгон ФАТФтын Пленардык жыйынында Кыргызстанды күчөтүлгөн мониторингдөө режиминен алып салуу чечими кабыл алынды.

Сиз ФАТФтын планын аткаруу үчүн көрүлгөн чаралар тууралуу айттыңыз, кандай чаралар, алар кантип билинет?

Бул жөнундө кыскача айтуу кыйын, себеби өтө эле көлөмдүү иштер жасалды. Бирок кээ бир түйүндүү моменттерге токтоло кетсем болот. Эскерте кетсем, негизинен бул иш улуттук мыйзамдарды эл аралык ченемдерге туура келтирүү максатында, дагы да чегине жеткире билүү боюнча болду. Кыргыз Республикасынын 7 мыйзамы иштелип чыкты жана кабыл алынды. Алардын бири 2013-жылдын 31-майында күчүнө кирди. Бул Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 29-майынын №83 “Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдар актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамы.

Бул мыйзамдын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183 - (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) жана 226-1 (Террористтик ишмердикти каржылоо) беренелери Веналык жана Палермалык конвенцияларга, ошондой эле терроризмди каржылоо менен күрөшүү тууралуу Эл аралык конвенцияга ылайык келтирүү үчүн жаңы редакцияда берилди.

Бул абдан маанилүү, анткени Кыргызстандын ККА/ТК Улуттук тутуму кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча жалпы эл аралык тутумдун бөлүгү болуп саналат. Эгерде жалпы кабыл алынган эл аралык укуктук ченемдерге биздин улуттук мыйзамдарыбызда кандайдыр бир туура келбестиктер же карама-каршы келгендиктер болсо, анда биз автоматтык түрдө бул тутумдун алкагынан чыгып калабыз. Финансылык кылмыштуулук менен анын ичинде экстремизмди жана терроризмди каржылоо менен күрөшүү укуктук ыкмаларда башкача окулушту кабыл албайт.

Андан кийин, ушул эле мыйзам менен “Терроризмге каршы аракеттенүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтканда, “Терроризмге каршы аракеттенүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамын Кыргыз Республикасынын мыйзамында колдонулган түшүнүктөр жана терминдерди 1-беренеси БУУнун эл аралык антитеррористтик конвенцияларына жана ФАТФтын Сунуштамаларынын глоссарийлерине ылайык келтирүү үчүн жаңы редакцияда берилди.

“Терроризмге каршы аракеттенүү тууралуу” мыйзамынын 25-беренеси да, террористтик ишмердикке катышы бар жеке жана юридикалык жактардын операцияларын (бүтүмдөрүн) токтотуп туруу жана каражаттарды бир калыпта кармап туруу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт дегенди орнотуучу жаңы редакцияда берилген.

Жыйынтыктап айтканда, мындайча айткым келет, бул жашоодогу кандай гана процесстер болбосун аларды өнүүгүүсүндө карашыбыз керек. Бүгүнкү күндө бизге эң сонун деп көрүнгөн нерсе эртеңки күнү анча деле жакшы эмес, балким зыяндуу болушу да мүмкүн. Ушул көз караштан байкаганда, мен ойлойм, биздин ишибиз, жалпыбыздын ишибиз болгон – кылмыштуулук менен анын ичинде финансы жаатындагы кылмыштуулук менен күрөшүүгө келишибиз керек. Бул биздин токтогонго укугубуз жок дегендикти, биз эрежелерди жана жашоо ченемдерин, андагы терс көрүнүштөр менен күрөшүү ченемдерин жакшыртуу жана өркүңдөтүүбүз керек дегендикти билдирет.