Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

19-09-2016

Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүндө Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмесинин жаңыланган редакциялары жайгаштырылган (2016-жылдын 19-сентябрындагы абал боюнча).

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо:

1) Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүнөн Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмесинин жаңыланган редакцияларын жүктөп алуусу;

2) өздөрүнүн маалыматтар базасын жогоруда аталган Тизмектер менен жаңылантуусу (2016-жылдын 19 - сентябрындагы абал боюнча);

3) тейленип жаткан бардык кардарларды жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмесинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуусу зарыл.