
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (ФЧМК) өз кызматкерлери үчүн Эгмонт тобунун стандарттарынын 15-талабын жана ФАТФтын 29-сунуштамасын ишке ашырууга арналган адистештирилген окуу өткөрдү. Кызматтык окуунун алкагында “Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн оперативдүү көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча колдонмо” камтылган эл аралык документтер каралып, персоналдын жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн камсыз кылууга жана купуя маалыматтарды коргоого багытталган маселелер талкууланды.
15-талабда ФЧБнын кызматкерлеринин жана жетекчилигинин ак ниеттүүлүгүн камсыз кылуу анын натыйжалуу иштешинин, коомдун ишенимине ээ болушунун жана оперативдүү көз карандысыздыгын камсыз кылуунун маанилүү шарты катары белгиленет. Бул талап ФАТФтын 29-сунуштамасы менен да байланыштуу болуп, анда ФЧБнын кызматкерлери үчүн жогорку кесиптик стандарттар жана тиешелүү квалификация талаптары белгиленген.
Окуу учурунда ак ниеттүүлүктү камсыз кылуунун үч негизги элементи каралды: институционалдык бүтүндүк, анын ичинде этикалык кодексти жана купуялуулук талаптарын сактоо, ошондой эле маалыматты мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө; кызматкерлердин жеке ак ниеттүүлүгү, анын ичинде кызматка кабыл алууда текшерүү жүргүзүү, кызыкчылыктардын кагылышын ачыкка чыгаруу жана жетекчиликтин жоопкерчиликтүү жүрүм-туруму; ошондой эле ФЧМКнын ишмердигин саясий же жеке кызыкчылыктардан улам болгон басымдан коргоону камсыз кылган оперативдүү көз карандысыздык.
Катышуучулар тобокелдиктерди азайтуу боюнча практикалык чараларды, анын ичинде кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө декларацияларды жаңыртуу, кошумча иштөөгө чектөө коюу жана кызматкерлер жөнгө салынуучу секторлорго өткөн учурда «күтүү мезгилин» киргизүү маселелерин үйрөнүштү. Бул чараларды сактоо финансылык чалгындоо бөлүмүн ички кыянаттык аракеттерден жана тышкы мыйзамсыз таасирлерден коргоого өбөлгө түзөт.
Өткөрүлгөн окуу ФЧМКда оперативдүү көз карандысыздык, аналитикалык объективдүүлүк жана купуялуулук негизги баалуулуктар катары каралган жана жетекчилик тарабынан колдоого алынган ички институционалдык маданиятты чыңдоого багытталган.