АКШнын Мамлекеттик департаментинин Курал-жаракты көзөмөлдөө жана жайылтпоого каршы күрөшүү боюнча бюросу тарабынан Экспорттук көзөмөл жана чек ара коопсуздугу программасынын (EXBS) алкагында уюштурулган жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККЛ/ТК) маселелерине арналган АКШнын Вашингтон шаарына болгон кызматтык сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Бакытбек Алишеров Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу Вашингтон шаарындагы Эл аралык валюта фондунун штаб-квартирасында болуп өттү. Эл аралык валюта фондунун атынан жолугушууга төмөнкү өкүлдөр катышты:
Шади Хури — башкы юридикалык кеңешчинин жардамчысы;
Каролина Клавер — Финансылык ак ниеттүүлүк маселелери боюнча топтун жетекчисинин орун басары;
Максим Маркевич— финансылык сектор боюнча эксперт.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фонду менен ККЛ/ТК чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди адалдоого (мыйзамдаштырууга) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн улуттук системасын мындан ары чыңдоо боюнча чараларды талкуулашты.
Учурда ишке ашырылып жаткан техникалык көмөк көрсөтүү долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулду. Алар Кыргыз Республикасынын Улуттук командасынын мүчөлөрүнүн дараметин жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жана Кыргыз Республикасын өз ара баалоонун кезектеги раундуна даярдоого багытталган.
Тараптар ошондой эле 2027-жылга карата кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде аныкталган тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча планда каралган иш-чараларды ишке ашырууга техникалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Мындан тышкары, 2027-жылдан тартып ишке ашырылышы пландалган Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн регионалдык кызматташтыктын кийинки этабынын алкагындагы жаңы долбоорлор жана демилгелер талкууланды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмаларын аткаруу максатында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын ККЛ/ТК боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Практикалык иш-чаралар планынын (“Жол картасынын”) аткарылышы боюнча маселелер каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын ККЛ/ТК боюнча улуттук системасын чыңдоого, мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатууга, ошондой эле Улуттук стратегияда жана тобокелдиктерди төмөндөтүү планында каралган иш-чараларды натыйжалуу ишке ашырууга багытталган кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.