Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү ККЛ/ТК жаатындагы мыкты тажрыйбалар менен алмашуу боюнча эл аралык долбоорго катышты

22-08-2026

2026-жылдын 16-августунан 22-августуна чейин Москва шаарында «Новое поколение» программасынын алкагында «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККЛ/ТК) жаатындагы мыкты тажрыйбалар менен алмашуу» аттуу эл аралык долбоор өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү катышты.

Программа практикалык багыттагы лекцияларды, мастер-класстарды, кесиптик талкууларды жана командалык ишти камтыды. Катышуучулар Росфинмониторингдин жетекчилиги менен жолугушуп, ККЛ/ТК эл аралык системасын жана Евразиялык топтун ролун талкуулашты, ошондой эле кирешелерди адалдоонун ири масштабдуу схемаларынын индикаторлорун аныктоо жана Интернет тармагында финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү маселелерин карашты.

Финансылык чалгындоо бөлүмдөрү үчүн заманбап чакырыктарга, анын ичинде жасалма интеллектти ККЛ/ТК максаттарында пайдалануу тобокелдиктерине, заманбап технологияларды колдонууга жана ФЧБлар ортосундагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле финансылык чалгындоо кызматкерлеринин аналитикалык компетенцияларын өнүктүрүү маселелери боюнча талкуу өткөрүлдү.

Долбоордун алкагында катышуучулар ВТБ банкына барып, финансылык чалгындоо бөлүмүнүн жеке сектор менен өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелерди талкуулашты, даярдалган командалык долбоорлорун сунушташты жана программанын жыйынтыгын чыгарышты.

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнүн долбоорго катышуусу практикалык тажрыйба алмашууга, кесиптик компетенцияларды өркүндөтүүгө жана ККЛ/ТК жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.