
24-июнда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын имаратында ГСФРдин төрагасынын орун басары Алишеров Б.А. менен Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын — State Secretariat for Economic Affairs (SECO) программалык менеджерини Рональд Жанрдранын ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар каржы секторундагы мындан аркы кызматташуунун келечеги жана техникалык жардам көрсөтүүнүн мүмкүн болгон багыттары боюнча пикир алышты. Анын ичинде институционалдык потенциалды чыңдоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштырууга, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышын каржылоого каршы күрөшүү (ПОД/ФТ/ФРОМУ) чөйрөсүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери каралды.
Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын ПОД/ФТ чөйрөсүндө алдыдагы өз ара баалоо раундуна даярдыгына, Дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктө демилгелерди координациялоонун келечегине, ошондой эле виртуалдык активдерге байланышкан актуалдуу чакырыктарга бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ПОД/ФТ чөйрөсүндө кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташып, ведомстволор аралык жана координацияланган ыкмага негизделген техникалык жардам долбоорун ишке киргизүү жөнүндө макулдашышты. Ошондой эле баалоо миссиясынын сунуштарын эске алуу менен долбоордун мүмкүн болгон артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштар менен алмашууну улантуу тууралуу макулдашууга жетишилди.