
Бишкек шаарында 30-марттан 9-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен кызматташтыкта уюштурулган эл аралык эксперттердин катышуусунда иш-чаралар өтүүдө.
Иш-чаралар Евразиялык топ (ЕАТ) тарабынан өткөрүлүүчү өз ара баалоонун үчүнчү раундуна өлкөнү даярдоо алкагында, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан ишке ашырылып жаткан 2022–2027-жылдарга карата Программанын «Трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү» (ХАССА 1) аттуу 1-чакан программасынын курамындагы көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнө тобокелдикке негизделген ыкманы киргизүү боюнча долбоордун үчүнчү фазасын ишке ашыруу максатында, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн колдоосу менен эл аралык эксперттерди тартуу менен өткөрүлүүдө.
Негизги максат болуп алдыдагы өз ара баалоо раундуна даярдык көрүү, акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча улуттук системаны өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жеке сектордун өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу саналат.
Программанын алкагында мамлекеттик органдардын жана экономиканын айрым секторлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуулар, консультациялар жана окутуу иш-чаралары өткөрүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы финансылык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө улуттук потенциалды чыңдоо жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ырааттуу ишин улантууда.