Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМК өкүлдөрү ЕККУнун Консультативдик механизмине катышты

01-04-2026

2026-жылдын 1–2-апрелинде ЕККУ Программалык кеңсесинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда Консультативдик механизмдин биринчи раунду болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Бакытбек Алишеров кыскача баяндама жасап, анда ФЧМКнын ЕККУ менен 2025-жылдагы өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, ошондой эле 2026-жылга карата иштин негизги багыттары жана артыкчылыктары сунушталды.

Консультативдик механизм узак убакыттан бери учурдагы жетишкендиктерди талкуулоого, артыкчылыктуу милдеттерди макулдашууга жана аларды ишке ашыруунун бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгууга багытталган конструктивдүү диалог үчүн натыйжалуу аянтча катары иштеп келет.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого, практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана аймактагы финансылык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин тастыкташты.