Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Эл аралык валюта фондунун миссиясы менен IV беренеси боюнча жолугушуу өткөрдү

27-03-2026

2026-жылдын 27-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (ФЧМК) менен Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) миссиясы менен IV беренеси боюнча косультациялардын алкагында жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга ФЧМКнын төрагасы Канат Кубатович Асангулов, төраганын орун басары Бакытбек Автандилович Алишеров, ошондой эле ФЧМКнын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү да жолугушууга катышты. ЭВФтин миссиясынын курамына миссиянын жетекчиси Дмитрий Гершенсондун жетекчилиги алдында Фонддун экономисттери жана эксперттери, ошондой эле ЭВФтин Туруктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККЛ/ТКК) маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, тараптар Кыргыз Республикасында ККЛ/ТКК чөйрөсүндөгү укуктук жана ченемдик-укуктук базадагы акыркы өзгөрүүлөрдү, Евразиялык топтун (ЕАТ) алкагында алдыдагы өз ара баалоого даярдык көрүү боюнча иштердин жүрүшүн жана артыкчылыктарын, ошондой эле кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо боюнча Улуттук тобокелдиктерди баалоонун негизги жыйынтыктарын талкуулашты.

Күн тартибине ылайык төмөнкү маселелер кеңири каралды: кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо боюнча учурдагы тобокелдик чөйрөсү жана улуттук системанын негизги кемчиликтерин; трансчек аралык ККЛ/ТКК тобокелдиктери; виртуалдык активдерди пайдаланууга байланыштуу тобокелдиктер; корпоративдик сектордун ачыктыгы, анын ичинде бенефициардык менчик ээлеринин реестринин иштеши.

ФЧМКнын өкүлдөрү ЭВФ миссиясына улуттук ККЛ/ТКК тутумун чыңдоого, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле улуттук мыйзамдарды ФАТФтын эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүүгө багытталган көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогдун конструктивдүү жана мазмундуу мүнөзүн белгилешип, Кыргыз Республикасында финансылык туруктуулукту бекемдөө жана кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин азайтуу максатында мындан аркы кызматташуунун жана эксперттик маалымат алмашуунун маанилүүлүгүн тастыкташты.